Сулайман-Тоодо жамгырлатып суугаруу системасы ишке кирди

Учурда Сулайман-Тоонун 8 гектарына суу тартылып дарактар сугарыла баштады. Бул атайын долбоордун негизинде ишке ашты. Жалпы болуп долбоор алкагында  15 гектар аянтка суу жеткирүү иши пландалган.

Суу жеткен  8 гектар жерге 25 метрден ашуун болгон 73 даана суу чачуучу темир түтүктөр орнотулган. 2 насос менен Жайпас каналынан суу чыгарылат. Ар бири эң узак дегенде 35 метрге чейин суу чачат.

Тоого суу тартуу долбоорунун суммасы 6 млн сомду түзүп, былтыр башталган. Ал эми тескей тарабын сугаруу үчүн  инвестор тартуу иш аракеттери жүрүп жатат.

Сулайман-Тоодо жалпы 30 гектардан ашык жерге суу чыгаруу зарылдыгы бар. Учурда анын 15 гектары планга кирип, жарымы ишке ашты.

Тоонун жалпы аянты 79 гектарды түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген