«Сугат суу тартыштыгын жоёбуз»

Акыркы учурда байкалган сугат суунун тартыштыгы дыйкандардын башкы көйгөйүнө айланып баратат. Кыштын күнүнө карабастан жаздагы болгон суу көйгөйүн азыртан чечүүгө бир топ амалдарын тапса болот.

Жайында саратан ортолоп калган учурда дыйкандардын арасындагы суунун тартыштыгынан улам өсүмдүк талаалары бир тамчы суу ичпей куурап калган учурлары кездешкен.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну, дыйкан Абдыкеримов Баатырбек:

«Суу кезегин күтүп, үйдө турбай талаалап калабыз. Мурдагы жылдары деле суу тартыш болгон, бирок жыл сайын суунун тартыштыгы күчөп баратат. Кышында дыйкандар тоолорго кар жааса сүйүнөбүз, жазында бизге сугат суу болсун деп. Жайында суу жок болсо өсүмдүктөр ашып кетсе бир жума чыдайт. Андан кийин булардын эч кимге кереги жок. Куурап калат. Эгерде мезгилинде сугарып албасак, анда күзүндө түшүмдөн үмүт кылбай эле койсок болот».

Дыйкандар менен көп убакыттан бери тыгыз иштешкен «Эркин Консалт» ЖЧКнын башкы серепчиси Айнура Кумушбекова:

«Сугат суу маселеси парламенттик деңгээлде көп жылдардан бери каралып келет. Суу тартыштыгы өзгөчө курч абалда турат. Буга бир канча факторлор таасир этүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Финляндия Өкмөтүнүн каржылоосындагы «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында бул маселени чечүү үчүн дыйкандар менен жолугуп да сүйлөшүп жүрөбүз. Чындыгында ар бир дыйкан өз көйгөйүн жеке өзү чечүү менен алек. Жардам катары биз «тамчы суугаруу системасын» дыйкандарга сунуштап келебиз. Бул системаны орнотууга кеп-кеңешчилерди чет мамлекеттерден чакырабыз. Ушул система менен сугат маселесин чечкендер бар».

Ирригация маселесине абдан дыкат көңүл бөлүү зарыл. Мисалы өз убагында оңдолбогон каналдардан, тазаланбаган арыктардан аккан суунун 30-40 % жолдон жоголот. Сууну үнөмдүү пайдалануунун дагы бир жолу: өсүмдүктөрдү тамчылатып сугаруу технологиясы.

Юрий Штетин AIC тамчылоо менен сугаруу системасын орнотуу боюнча адиси:

«Тамчылатуу ыкмасы абдан эффективдүү болгону менен баардык эле дыйкандын капчыгына туура келе бербейт. Бирок эгер Өкмөт дыйкандар менен биргеликте айыл чарбасын тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөрүү жолдорун карап чыкса, сугат суусу көйгөйүнөн арылмак. Тамчылатып сугаруунун альтернативдүү жолу катары кадимки пластик түтүктөрдү талаага , өсүмдүк тигилген жөөктөргө таштап, аралыгы 50-60 см кылып тешип койсо да, суу өсүмдүктөрдүн тамырына жетип, сууну үнөмдүү пайдаланса болот. Бул технологияны жылдын төрт мезгилинде тең орнотууга мүмкүн».

Учурда айылдарда сугат суунун көйгөйүн тамчылоо сугаруунун технологиясын орнотуу менен чечкендер бар. Мисалы Ысык-Көл облусунда Сары-Камыш айылында «Улук-Агро» айыл-чарбачылыгы 7-8 гектардай бак дарактары үчүн ушул технологияны киргизди.

Ананьево айылынын тургуну Абаилдаева Анара:

«Менин 10 гектарга жакын бак дарактарым бар. Мөмөлөрүнөн кургатылган алма, алмурут жана башка кактардын түрүн өндүрөм. Жылдан жылга чоңоюп келе жаткан сугат суунун көйгөйүн «Улук Агро»дой тамчылатуу суугаруу технологиясын өздөштүрсөм окшойт деген ойдо турам». Түштүктөгү дыйкандар сууну үнөмдүү колдонгонду жакшы билишет. Алар талаага ар бир жөөккө арык казып, сууну ошону менен сугарышат. Ал эми Чүй Ысык-Көл тарапта сууну арыктан буруп эле талаага агызып жиберишет. Мындай ыкма сугат суусунун ысырапчылыгына алып келип, жыйынтыгында суу дыйкандардын баардыгына жетпей калат.

Даярдаган: Самара Абдыкеримова

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.