Сугат суу көйгөйү: Дыйкандар Тилек Токтогазиевке кайрылуу жолдошту

Жергиликтүү бийликке сугат суу боюнча мыйзамдык укук берилүүсү керек. Мындай билдирүүнү дыйкандардан куралган демилгелүү топ Айыл чарба министрине болгон кайрылуусунда белгилешти.

Кыргызстанда айыл-чарба секторунда эң негизги көйгөйлөрдүн бири – бул сугат суу. Ички ирригациялык каналдардын оңдоп-түзөөлөрдөн өтпөгөндүгүнүн айынан 60%га чейинки суулар жерге сиңип, дыйкандарга жетпей келет. Бул көйгөйдүн чечүү жолдорун демилгелүү топ өлкө бою талкуудан өткөргөн соң, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевке ачык кайрылуу жолдошту.

«Өлкөдөгү 1 млн гектар сугат жердин 736 миң гектарын Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПАлар) суу менен камсыз кылат. Бирок 18 миң км ички каналдар капиталдык ремонтко муктаж, анын айынан 40-60% сугат суу дыйкандын талаасына чейин эле жерге сиңип, жоготууга учурап жатат», – деп кайрылышкан.

СПАлар коомдук ишкана болгондуктан, алардын материалдык-финансылык, техникалык абалы жетишсиз. Дыйкандар сугат суу кызматы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй койсо, СПА эч таасир көрсөтө албайт. Ал эми Айыл өкмөтү тарабынан ички ирригацияга колдоо көрсөтүүгө кийлигишүүгө мыйзам жол бербейт.

«Айыл өкмөтү өз алдынча ички ирригациялык каналдарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө жана калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ички ирригациялык системалар азыркы талапка жооп бербейт, ал эми ремонттоо үчүн алынган насыяларды СПАлар төлөй албай келет», – дешет Суу пайдалануучулар.

Ошентип, ички ирригациялык инфраструктурасынын абалынын начардыгынан жана сугат сууну жеткирүү кызматынын канааттандырарлык болбой жаткандыгынан,  дыйкандардын талаасына өз убагында керектүү көлөмдөгү сугат суу жетпей келет.

«СПАлардын кароосундагы ирригациялык объектилерге суу чарба департаменти тарабынан даректүү жардам берүүгө Мыйзам жол бербейт… Ички каналдарды оӊдой турган болсок, буга эл аралык эксперттердин аныктоолору боюнча 10,5 миллиард сом талап кылынат”, – деп Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирген.

Бул маселелерди көңүлгө алып, сугат сууну дыйкандарга жеткирүү кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн, башкарууну СПАдан алып салып, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына өткөрүп берүү сунушу айтылууда. Аны менен бирге, ички каналдарды калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп берүү өтүнүчү айтылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.