Студенттин өлүмүнө шектелгендер эки айга камалды

Биринчи курстун студентинин өлүмүнө шектелген алты бала эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин маалымат кызматы кабарлады.

Ош шаардык соту ОшМУнун медициналык колледжинин 1-курсунун студентин өлтүрүугө шектелгендердин баш коргоо чарасын кечээ, 5-декабрда карап, озгортуусуз калтырды.Тактап айтканда, тергөө иштеринин жүрүшүндө 2 айга камакта кармоо чечимин чыгкты.

Алар №5-тергөөизоляторунда кармалат.

Эскерте кетсек, 3-декабрь күнү, саат 10:30 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка аймактык кеңешиндендеги (Юго-Восток) Насирдин Исанов кѳчѳсүнөн 18 жаштагы баланын жансыз денеси табылган. Анын башы жарылган, денесинде ар кандай жарааттар болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, кармалгандардын экөө эч жерде окуп, иштебейт, тѳртѳѳ Ош технологиялык университетинин студенттери. Алар 15, 16, 18 жана 25 жашта.

Ал эми каза болгон студент Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, Оштогу окуу жайлардын биринде 1-курста окучу. Кармалган жигиттердин кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, маркум мас абалында келип аларга жаңжал салып, андан соң тигилер аны токмоктоп салышкан.

Башкы сүрөт: Sputnik 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген