Стив Жобстун стилинде. Кыргызстандык дизайнер дүйнөдөгү биринчи дисплейлүү баштыкты жасады

Суперкарлардын, iPhone 8, Samsung Galaxy 8дин концептин түзүп, Steel Drake лакап аты менен белгилүү болгон дизайнер Олег Ермаков дагы бир табылгасын – “керемет баштыкты” тааныштырды. Бул жигит чакан кыргыз кыштагында чоңойгонун көпчүлүк билбейт. Жөнөкөй айылдык бала атактуулукка кантип жетишкени, белгилүү долбоорлору жана дүйнөдөгү эң алгачкы дисплейлүү баштык тууралуу Олег Ермаков “Ынтымактын” өнөктөшү –  “Мейкин Азия онлайнга” айтып берди.

Таанышып алыңыз – Keeback –  дүйнөдөгү эң алгачкы дисплейлүү баштык. Бул долбоор үстүндө көп убакыт иштедик, – деди Олег Ермаков видеопрезентацияны көрсөтүп жатып.

Keeback азыркы рюкзактардын эч бирине окшобойт. Өзгөчөлүгү – абдан бекем пластиктен жасалып, футуристтик дизайнда кооздолгон. Мындагы ар бир бөлүкчө дыкат ойлонулган. Баштыкта дисплей бар, анда бардык маалыматтар, видеоклип жана сүрөттөр көрүнөт. Экран 4-6 күн үзгүлтүксүз иштеш үчүн кубаттагычы да бар. Мындан сырткары сапаттуу үндү камсыздаган акустикалык система менен жабдылган.

Рюкзакта анимациядан тартып видеоролик сыяктуу өздүк контентти жаратууга мүмкүндүк берген инструментттер бар. Даяр материалдар мобилдик тиркеме аркылуу экрандын көлөмүнө ыңгайлаштырылат.

– Башында команда менен башка прототиптин үстүндө иштеп жаттык, аны менен катар эле өткөн жылдын ноябрында же декабрында ушул баштыктын идеясы жаралды. Бул керек нерсе экенин дароо аңдаганбыз. Буюмдарды ташуучу каражат катары эмес, өзүнчө түзүлүш катары дүйнөдөгү эң алгачкы рюкзак. Биз баштыкты кайра жараттык десе болот. Эми анын аябай көп кызматы бар, ошол эле учурда каалаганыңызды баштыкка сала аласыз. Мисалы, ноутбук. Баштыктын өзү оор эмес. Салмагы – 1700 граммдан көп эмес.

Долбоор үстүндө бир жарым жыл иштешти. Башында аны менен үч адам алектенди, бирок каражат тартыштыгынан, балдарды таратууга туура келди. Олег “керемет баштыктын” концептин жалгыз бүтүрдү.

– Рюкзактын мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң, биз көтөрүп жүрчү баштыктардын жаңы муунун жаратуудабыз. Алар электрондошуп жатат. Эң башкы делген дизайнды да унутпаш керек. Мындайды эч ким жасаган эмес! Кездеме баштыктар канча? Миллион. Пластик баштыктарчы? Экиден ашпайт. Бул дүйнөдө жайылып жаткан багыт (мейнстрим), демек, толкунда болуу абзел.

Дүйнөдөгү эң алгачкы дисплейлүү рюкзакты жараткан автор Кыргызстандын түштүгүндөгү Өзгөн деген чакан шаардан болот. Азыр Олег Ермаковду дүйнөдө Steel Drake деген лакап ат менен дизайнер катары таанышат. Ал чет жакта смартфон жана суперкарлардын концептери менен таанылган.

Анын дизайнерлик жолу Кыргызстандын түндүгүндөгү Ак-Суу деген чакан кыштакта башталды. Бул жакка өзгөндүк үй-бүлө Олег төрөлгөндөн кийин эле көчүп келген болчу. Олег дизайнга 16 жашынан кызыкты. Ал кезде эң алгачкы компьютери колуна тийген. Бул өспүрүмдүн жашоосунда бурулуш жасады. Башкалар компьютердик оюндардан бошобой жүргөндө, Олег Photoshop, Flash жана  3Dны орнотуп, программаларды өз алдынча үйрөнө баштаган.

– Интерфейсти чукулап, сабактардан өтүп, унаалардын кандайдыр бир моделдерин түзө баштадым. Бул мен үчүн жаңы нерсе эле. Автоунаанын алгачкы концептин 16 жашымда жасадым. Аны эч жакка жарыялаган эмесмин.

Cүрөт: Талгат Давлетбаев

Бир нече жылдан кийин Олег секирик жасады. Дизайнерлердин дүйнөлүк деңгээлдеги №1 сайты – Behance Mercedes SF1 унаа үлгүсүнүн концептин жарыялады.

Бул концепцияда Mercedes немец үлгүсү менен Lamborghini`ден алынган ультрагеометриялык стили айкалышкан.

– Бүт Гуглда ушул Мерсти издеп жатышты. Кыргызстанда болсо мени iPhone 8 смартфонунун концептин жарыялаганымдан кийин таанышты. Аны Behance сайтынын башкы бетине жайгаштырышты. Behance  Adobe`го таандык, башкы бетке чыксаң, сени дүйнөдөгү эң белгилүү басылмалар байкап калышы мүмкүн. Анан элестетсең, менин концептим башкы бетке чыгып калды! Ал кезде отургучтан ушундай секирдим, маанайым беш эле. Акыры ийгилик келди.

iPhone 8 жана  Samsung 8 смартфондорунун концепти Олег Ермковду Кыргызстан эле эмес, КМШдан чыккан эң белгилүү дизайнерге айлантты. Олегдин буйрутмачыларынын катарында Кытайдан Францияга чейин ар кайсы өлкөлөрдөн ишкерлер бар. Сыя куюлчу өзөгү эки жагынан тең жайгашкан калемдин дизайнын иштеп чыккан. Анын негизинде металл коймолуу iPhone стили жатат. Инвесторлор аны муну чыгарууга макул болгон. Унаа бөлүктөрүн чыгарчу дагы бир француз компаниясы үчүн автонун концептин тартып берди.

Олег күйүп-бышып жүргөн дагы бир идея – унаалар учуш үчүн кичинекей аккумулятор жаратуу.

– Мен өз табылгаларым үчүн аябай күйөм. Мага энергиянын альтернативдүү булактары өтө кызык. Заманбап аккумуляторлор кыжырымды келтирет. Түбөлүктүү аккумулятор жасаганы жатам деп айткым келбейт, бирок бул мага аябай кызык. Азыр жасап жатканым максатына жеткенден кийин учуучу аппарат кураштыргым келет. Аны бир нече жыл мурун жасагам. Азырынча аккумулятордун салмагынан улам учканга болбой жатат. Кичинекей кубаттагыч жасасам, унаам учат.

Олег дисплейлүү рюкзак боюнча идеясын инвесторлорго көрсөткөндө, көбү муну ишке ашкыс деп кабылдады.

– Башында заманбап көз карашка ээ бир инвестор жардам берип жатты. Андайлар өтө аз экени өкүндүрөт. Кийинки иштерге Кыргызстандан инвестор издедим. Биздин өлкөдө алар мындай идеялардан аябай алыс. Алардын мээсинде дүкөн, курулуш же кезектеги кафени ачуу гана бар. Анын үстүнө баары тез арада эле киреше санагысы келет. Ошол эле Америкада адамдар мындай идеяларга инновация болгон үчүн эле акча салбайт, өздөрү да буга кызыгат. Ал жакта акча жөн эле банкта жатып көбөйбөй, иштеп, пайда алып келиши керектигин түшүнүшөт. Андыктан сегизинчи жолугушуудан кийин Кыргызстанда инвестор издөө пайдасыз экенин түшүндүм.

Cүрөт: Талгат Давлетбаев

Бирок Олегди бул жагдай токтопойт. Ал адамдардын жардамында керек акчаны чогултам деген ниетте. Дизайнер Indiegogокраудфандинг платформасына долбоорун жарыялады. 100 миң доллардай керек. Ошол жакта эле үлгүлөрүн сатууда. Максаты  – инновациялык идеяны коммерциялык рельске коюу.

– Indiegogo`до азыр рюкзактын баасы жеткирип берүүнү эсепке алганда 460 доллар. Келечекте бул товар жеткиликтүүрөөк болушун каалайм. Баштыкты болушунча көп адам сатып алышы мен үчүн маанилүү.

Түшкөн акча долбоорду улантууга кетет. Демек, 460 доллар сарптап сиз рюкзакты эле албай, дүйнөдөгү өзгөчө баштыктуу алгачкы адамдардан болосуз.

– Менден эмне үчүн ушуну менен алектенесиз деп сурашканда: “Дүйнөдө жок нерсени жаратуу каалоом бар. Таң калдырганды жактырам”,-  деп жооп берем.

Башкы сүрөт: Олег Ермаков

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.