Статистика: Акыркы суткада 522 адамдан коронавирус табылып, 1 бейтап көз жумду

Бир сутка ичинде 522 адамдан коронавирус аныкталды, анын үчөөсү медицина кызматкерлери. Ошондой эле дагы бир бейтап каза болуп, маркум Баткен облусунун тургуну экендигин республикалык штаб билдирди.

Вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 139ду түзүп, илдетти жуктуруп алгандар 57 миң 798 учурга жетти.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаары – 110;

Ош шаары – 33;

Чүй облусу – 58;

Ош облусу – 75;

Талас облусу – 26;

Нарын облусу – 7;

Ысык-Көл облусу – 37;

Жалал-Абад облусу – 86;

Баткен облусу – 90.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар 522.

Депутат: Аймактарда вирус пикке жеткени калды, а бийлик кресло талашуу менен убара

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген