Стамбулга учкан каттамдардын саны жумасына 14кө чейин көбөйөт

Түрк аба жолдорунун Стамбул – Бишкек – ​​Стамбул каттамындагы учуулардын саны жумасына 12ден 14кө чейин көбөйүүдө. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июндан баштап жаңы аба каттамдары жумасына 2 жолу – бейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Жалпысынан Түркияга жумасына 24 каттам жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.