Стамбулдагы учак кырсыгынан үч адам каза болду. Видео

Стамбулдагы учак кырсыгынан үч адам каза болуп, 179 жаран жабыркады.

Кечээ, 5- февраль күнү Pegasus Airlines авиакомпаниясынын учагы Стамбул аэропортунда кырсыкка учурап, жыйынтыгында үч адам каза болуп, 179 адам жабыркады. Жалпысынан бортто 183 киши болгон. Бул тууралуу жергиликтүү ММКларга өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджа билдирди.

“Адам өмүрүн алган кырсыктан 179 адам катуу жараат алып ооруканага жеткирилди, алардын үчөөсү жандандыруу бөлүмүндө жатат”,- деди министр.

Маалыматта Измирден Стамбул шаарын көздөй учкан Pegasus Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737-800 учагы аэропортко күч менен келип конгондугу айтылат. Кырсыктын натыйжасында учак күйүп, үч бөлүккө бөлүнүп калган жана буга туруксуз аба ырайы себеп болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген