Стамбулда аскердик учак кулап төрт киши каза болду

Стамбулда аскер учагы кулап төрт аскер кызматкери каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

“Саат 18:51де аскер тик учагы Чекмекёй кварталында аварияга учурады. Кырсыктын келип чыгуу себептери азырынча белгисиз. Жаракат алган төрт аскер кызматкери ооруканага жаткырылган, бирок медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болушту. Башка жабыркагандар жок”, -деди Ерликайя.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тик учак техникалык себептерден улам кулаган.

Мындай окуя Стамбулда биринчи ирет болуп жаткан жок. Өткөн жылдын 26-ноябрында тик учак Санджактепе районундагы Фыртына көчөсүнө кулап түшкөн. Анда дагы төрт аскер адамы каза тапкан. Дагы бирөө жарадар болгон.

Фото: Ступник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген