ССМдин башчысынын орун басары жарандарды эпидемиялык кырдаалга байланыштуу өзүн изоляциялоого үндөдү

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев Бишкектеги брифинг учурунда жарандарды COVID-19дан сактоо үчүн өзүнчө обочолонууга чакырды.

Ал азыр эч кандай чектөө киргизилбей жаткандыгын белгиледи.

«Биз жарандардан масканы такай кийип жүрүүнү, колду тез-тез жууп турууну, антисептиктерди колдонууну, эл көп чогулган жерлерге барбоону жана аралыкты сактоону катуу сунуш кылабыз, ал тургай талап кылабыз. Мен жаштарды улгайган ата-энелерге көңүл бурууга, аларды үй-бүлөлүк салтанаттарга убактылуу киргизбөөгө, алардын таза абада көбүрөөк болушуна кам көрүүгө чакырам», – деди ал.

Ошондой эле, Рахматуллаев өлкөдөгү бардык медициналык кызматкерлер физикалык жана психологиялык стрессти баштан кечирип жаткандыгын айтты.

«Бардыгыңыздардан аларга жардам берип, эрежелерди сактоону өтүнөм. Жарандардга өзүн изоляцияга алууну сунуштайм», – деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 7-июлда коронавирустун жаңы 1198 учур аныкталды. Илдеттен 781 адам айыгып, 9 адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.