ССМ: Калктын 70 пайызы эмделсе, сентябрь айында мектептер кадимки режимде иштей баштайт

Өлкөдөгү калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө, сентябрь айында мектептер кадимки тартипте ишке кирет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев радионун эфиринде билдирдиргенин жергиликтүү маалымат агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымында, жалпы коомдун иммунитетин өнүктүрүү үчүн 2 миллион 137 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек.

Өлкөнүн мектептери 2020-жылдын март айынан бери онлайн режиминде иштеп жатышат. 2021-жылдын январь айынан баштап мектеп окуучуларынын айрымдары салттуу режимде окуй башташты, айрымдары онлайн билим алууда калышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.