Спортчулар криминалдашып кеттиби? Видео

Спортчулар тууралуу акыркы учурларда коомдо ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдары спортчулардын баары эле кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетти дешсе, дагы айрымдары спортчулар  саясатчылардын куралы болуп жаткандыгын айтат. Бул сөздөргө жем таштаган окуялардын  бири 22-сентябрда болду. Анда эки мушкер өз ара жаңжалдашып, ок атылган. 

Азыркы учурда коом арасында спорттун ММА (эрежесиз эр уруш) түрү менен машыгып жаткан жаштар арбын экендиги,  бирок спорттун олимпиадалык түрү менен машыккандар аз болуп, акчанын артынан балбан билек балдарыбыз кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетип жаткандыгы кызуу талкууланып жатат. Ал эми спортчулар мамлекет тарабынан колдоо болсо эле олимпиадалык спорттун түрлөрү менен дагы ийгиликке жетмекпиз деген пикирин айтып келишет.

Аталган окуя боюнча Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров комитеттин башчысынын жасаган аракеттеринде бузуулар болсо, мыйзам алдында жооп берээрин айтып, ал жумушка келбей жатканын белгиледи.Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.