Спортчулар батирлүү болушту

Күрөш боюнча Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана дүйнө чемпионатынын байге ээлерин сыйлоонун расмий аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Расмий аземде Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызына батирлердин ачкычын тапшырды.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Эрназар Акматаливге эки бөлмөлүү батир жана дүйнө чемпионатында күмүш байгесинин ээси Бекболот Мырзаназар уулуна бир бөлмөлүү батир батирди.

Мындан тышкары, машыктыруучулар Руслан Маджинов, Ислам Тазабеков жана Нурлат Такировдор акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президент Динара Исаева кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен Айсулуу Тыныбековага батирлердин ачкычын тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.