Спикер баш болгон өкмөт өкүлдөрү Өзгөндөгү кырсык болгон жерге барышты

Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкү болгон Аюу айылына КР ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана депутаттары, КР 1-вице-премьер-министри Мухамедкалый Абулгазиев, Өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдар баштаган бийлик өкүлдөрү барышты.

Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдиргендей, жетекчилер кырсык баскан аймакты көрүп, жакындарын жоготкондорго көңүл айтышты.

Түшкөн көчкүнүн көлөмү 1 млн.дон ашык куб метрди түзгөн. Бийиктиги болжол менен 10 метрди түзөт. Куткаруучулар анын 3-4 метрин казышты. Азырынча сөөктөр чыгарыла элек. Бирок көчкү алдында калган 2 автоунааны алып чыгарышты. Учурда оор техника эмес, кол менен казуу иштери жүрүүдө.

29-апрель күнү таңга маал жүргөн көчкү 11 турак үйдү басып калган. Анын төртөө жаңы салынгандыктан, эч ким жашаган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча болжол менен 24 жаран көчкү алдында калып калышкан: алардын 2өө эмгек ардагери, 11и орто курактагылар, 6 окуучу жана 5өө мектепке чейинки балдар.

Куткаруучулар кооптонуу жараткан жерде жашашкан 30 үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү үчүн 5 орунду 30 даана жайкы чатыр тигип, 30 даана тазалык каражаттары жана 30 даана ашкана буюмдарын беришти.

Канча чыгым тартылганы тууралуу азырынча маалымат жок.

Аталган аймактын тургундарына толук бир ай башта коопсуз жайга көчүп чыгуу боюнча эскертүүлөр берилгенин ӨКМдин маалымат кызматы тастыктады.

Ал арада өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, 2017-жылдын 30-апрели Кыргыз Республикасында “Аза күтүү күнү”,-деп жарыялоо боюнча Жарлыкка кол койду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.