Жалалабаддык өспүрүмдөр өз айылдарындагы көйгөйлөргө кайдыгер эмес

Жалал-Абад облусунун Сузак районунан келген окуучулар өз жериндеги көйгөйлөрдү чечүүгө киришти. 50 окуучу он команда болуп долбоор жазган. Көтөрүлгөн демилгелердин 5и Борбордук Азиядагы билим берүүчү дебат ассоциациясы тарабынан жактырылып, өспүрүмдөргө акчалдай жардам берилди. Эми ал каражат окуучулардын өз айылындагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат.

Демилгечилер орто мектептердеги чыр- чатактын алдын алуудан баштап, айылдагы таштандыларды тазалоо сыяктуу маселелерди чечүүнү пландап жатышат.

“Мектептерде орун алып жаткан чыр- чатактар көп, алардын кесепеттери да ошончо. Окуучулардын бири оор жаракат алса, дагы бири өспүрүмдөрдүн колониясына түшүп калат. Натыйжада ата- энеге кыйынчылык туулат. Ушул сыяктуу жагымсыздыктарды жоюу үчүн биз бул долбоорго катыштык”,- дейт №9 Мичурин орто мектебинин 10- классынын окуучусу Айжамал Төрөбекова.

Ал эми Нургазы Жоробековдун командасын Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын айланасындагы тазалыкка болгон салкын мамиле тынчсыздандырган. Айлананы иретке келтирүүгө каражат керек болуп, ал үчүн атайын долбоор жазып керектүү акчаны утуп алышты. Эми бөлүнгөн каражатка атайын техникаларды жалдашып, айыл эли менен биргеликте суу жээгин тазалайбыз деп турушат.

“Таштандыларды тазалап, айылдын келечегин ойлойлу деп атабыз. Буйруса тазалоо иши ашар жолу менен өтүп, ага айылдыктар тартылат”,- дейт жаш активист.

Окуучулар эки күндүк окуудан өтүшүп, коомчулукта болуп жаткан актуалдуу маселелерди талкууга алышкан.”IDEA” программасынын алкагында “Жагымдуу Кыргызстан” аталышындагы жаңы башталган социалдык маанилүү долбоорлорду иштеп чыгуучулардын форумун уюштуруп, иш-чараны 2019-жылга чейин улантаарын билдиришти.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген