Өспүрүмдөр ачык айтуудан карманган виртуалдык ыдык

Айгерим (аты өзгөртүлдү) учурда 16 жашта. Ал социалдык тармактардын дээрлик баарын эле колдонот жана ал жакка сүрөттөрүн жайгаштырган. Буга чейин ага белгисиз бир колдонуучу келбетине, дене түзүлүшүнө суктанган ар кандай билдирүүлөрдү жөнөтүп жүргөн.

“Мындай билдирүүлөрдү комплимент катары кабыл алчумун. Бирок, ал мага мындан эки ай мурда өзүнүн жыныстык мүчөсүн сүрөткө тартып жөнөтүп, “кааласаң жолугушалы”, “жактыбы?” – деп билдирүү да жазган. Мен жөнөткөн сүрөттү көрүп эле коркуп кеттим. Психологиялык жактан жабыркадым окшойт. Көпкө чейин башка адамдар жазган каттарды дагы ачуудан коркуп жүрдүм”, – деди ал.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, өспүрүмдөргө карата интернет аркылуу сексуалдык зомбулук боюнча бир да окуя катталган эмес. Зомбулукка дуушар болгондор бар болсо да, милицияга арыз жазышпайт. 

Эгерде жабырлануучулар кайрылып, күнөөлүүлөр аныктала турган болсо, Жазык кодексинин 186-беренесинин (Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) негизинде жоопкерчилик каралган. Мында IV категориядагы коомдук иштерге жана айып салууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына тартылат.

Ал эми башкы прокуратура жашы жете электерге карата жалпы зордук-зомбулук учурлары боюнча 2020-жылы 23 фактыны аныктаган. Быйылкы жылдын 9 айында 38 учур катталды.

Кесепеттери

Психолог Дөөлөткан Кабыкованын айтымында, өспүрүмдөр виртуалдык-сексуалдык зомбулукка кабылышса да ата-энесине, жакындарына айтуудан коркушат. Мындай учурда өспүрүм курактагы бала чоңдордон телефонун жашырып, алардан обочолонгонго аракет кылып калат. Бара-бара мүнөзү түнт тартып, депрессияга кабылышы ыктымал. Ошондуктан ата-эне балдарынын өспүрүм кезинде жүрүм-турумун байкап туруусу керек. Антпесе интернетте сексуалдык ыдык көргөндөрдүн басымдуусу чоң кишилерге карата ишенимин жоготуп, жанын кыйууга чейин барышы мүмкүн.

“Ата-энелердин көпчүлүгү перзенттеринин курсагы ток, кийими бүтүн болсо эле көйгөй жок деп ойлошот. Тескерисинче, алар балдары менен ишенимдүү баарлашууну жандантуу керек. Ошондо гана бала өзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү айтып, кеңеш сурайт. Жыл башынан бери мага виртуалдык-сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон өспүрүм курактагы үч кыз кайрылды. Интернетте аларга жашы чоң эле кишилер жаш балдардын атын жамынып, жазгандарын байкадым. Кыздар социалдык абалы жакшы үй-бүлөнүн перзенттери болгону менен аларга да ата-эне мээрими, көңүл буруу жетишсиз болгон. Эгерде социалдык тармактар аркылуу кимдир бирөөлөр сексуалдык мүнөздө билдирүү жазып, сүрөт, видео жиберсе да ата-эне балдарын коркутпастан, ымалага келгенге, абалды жөнгө салганды өздөштүрүшү керек”, – деди Дөөлөткан Кабыкова.

Педагог Мастура Шарипова өспүрүм балдарды интернетти пайдалануусун көзөмөлдөө керек деген пикирде. Өспүрүмдөр бүгүнкү күндө интернеттин жардамы менен билимин тереңдетип, өзүн өркүндөтүүнүн ордуна социалдык тармактарда сүрөт, видеолорун жарыялаганды эп көрүшөт. Натыйжада  түрдүү курактагы интернет колдонуучулар алардын дене боюна пикир билдирүү менен сексуалдык аракеттерге чакырык ташташат. Ушул сыяктуу себептер менен өспүрүмдөр кыргызстандык гана эмес, чет элдик интернет колдонуучуларынын да торуна түшүп, зомбулукка дуушар болушууда.

“Интернетти колдонууну чектей албайбыз. Бирок, мектептен тарта балдардын оюн жакшы жакка өзгөртсөк болот. Маселен, класстык сааттарда балдарга мугалим, ата-энелердин катышуусунда социалдык тармакты туура максатта колдонуу боюнча түшүндүрүп, кийин класс жетекчи мектептен, ата-эне үйдөн көзөмөлгө алып турушу керек. Мектеп жашындагы өспүрүмдөр виртуалдык жашоонун терс жагын көрүп же сексуалдык зомбулукка дуушар болушса, билим алууга, келечекте бир кесиптин ээси болууга кызыгуулары токтоп калат”, – дейт Мастура Шарипова.

Балдарга кам көргөн “111” ишеним телефону

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин балдарды коргоо, зордук-зомбулукка кабылгандарга ыкчам жардам берүү боюнча  “111” ишеним телефону иштейт. Кеңеш алуу үчүн күнү-түнү байланышууга мүмкүнчүлүк бар. Абоненттерге социалдык кызматкерлер консультация, же психологиялык жардам көрсөтүшөт.

Ушул жылдын тогуз айында түшкөн кайрылуулардын 2,7 пайызын ар кандай суроолор түзүп, анын арасында соцтармактагы опузалоо боюнча кеңеш алгандар да болду.

Чалуулар журналга катталып, аларга анкета толтурулат. Андан ары  балдардын абалы, көйгөйү боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү иш алып барышат.

Көйгөйдөн кантип арылууга болот?

Медиасабаттуулук боюнча тренер Гүлжан Эшбаева интернет айдыңында коопсуз болуу үчүн бир канча эрежелерди сунаштады:

  • Биринчи кезекте баракчадагы жеке маалыматтарды ачык көрсөтпөө керек. Тагыраагы, телефон номур, жашаган дареги сыяктуу маалыматтар болсо анда өчүрүп коюу зарыл;

  • Ошондой эле аккаунтту жабык сактоо зарыл;

  • Мындан тышкары, аккаунттын кошумча коопсуздугу үчүн эки факторлуу аутентификацияны жандырып коюу керек;

  • Сизге кооптуулук жараткан интернет колдонуучу болсо, ал тууралуу “бузуу жөнүндө кабарлоо” баскычын тандап, анын сизге карата мамилесин компанияга кабарлоо керек. Андан соң ал колдонуучуну кара тизмеге кошуп же смс, чалуулары тууралуу билдирүү келбей турган кызматты пайдалана аласыз.

А

Гүлжан Эшбаева –
медиасабаттуулук боюнча тренер

20 жаштагы Бурулча Нурматова социалдык тармактын бир нече түрүн колдонот. Ал аккаунттарын буга чейин жабык пайдаланып келгендиктен достугундагы адамдардан башкалары ага кат жаза алчу эмес. Бирок, “инстаграммдагы” аккаунтун ачып койгондо, ар кандай мааниде кат жазгандар болгон. Ошондуктан ал онлайн платформанын уруксат берүүгө чектөө (аккаунты с ограниченным доступом) системасын колдонуп жатат.

Бурулча мындай коопсуздук эрежелеринин артыкчылыгы катары достугунда жок адамдар кандай билдирүү жибергенине карап, кабыл алууга же кара тизмеге киргизип коюуга болорун айтты. Азыр анын виртуалдык коопсуздугуна жакындары тынчсызданбай калышты. 

Бурулча Нурматова

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева.

Сүрөт интернеттен алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.