Өспүрүм сүзүп кеткен бир жарым жашар наристе каза болду

Ош облусунун Араван районунда окуучу бала бир жарым жаштагы наристени сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБ кабарлады.

Окуя кечээ, 19-декабрда саат 16:00дор чамасында жүз берген.  Маалыматта 8-класстын окуучусу короодон унааны айдап чыгып, көчөдө ойноп жаткан баланы сүзүп алгандыгы айтылат.

“Өспүрүм бала короосунан унаанын арткы тарабы менен чыгып келе жатып, ойноп жаткан наристени көрбөй сүзүп алган.  Наристенин апасы ошол жерде болуп, кошуна аялдар менен сүйлөшүп тургандыктан, баласынын машинанын алдында калганын байкабай калган. Наристе оор абалда райондук ооруканага жеткирилген эле. Тилекке каршы, бүгүн эртең менен каза болуп калды. Ал эми өспүрүм суракка алынып, иликтөө иштери уланып жатат”, – дешти облустук милициядан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.