Соцтармактар балдардын аман калышына кантип жардам берип жатат? Акылга сыйбаган жети окуя

«Баланы чоңойтууга бүтүндөй кыштак керек» деген эскиден калган сөз бар. Бул балдардын тарбиясы үчүн жоопкерчилик көп адамдын жана социалдык топтордун мойнунда жатат деген сөз. 

“Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” балдарга болгон катаал мамиле социалдык тармактарга жайылган учурлардын эң чуулуу жетөөсүн эстеди. Бул фактылар чоң талкуу жаратып, мамлекеттик институттарды иштөөгө мажбурлады.

Атасы баланы ичке тээп

Жаңы мисалдардын бири Кыргызстандан. 2-декабрда карда жатып, турууга аракет кылган кичинекей баланы белгисиз киши ичке тепкен видео тарады.

Бул видео Кыргызстан эле эмес, Борбор Азия коомчулугунтолкутту. Адамдар кишини таап, жазасын берүүнү талап кылды. Милиция аны тапты. Тасманын каарманы баланын өз атасы Бариер Абдиев болуп чыкты. Ал 50, а бала 2,5 жашта. Атасын эки айга камакка алышты, а бала апасы менен чогуу туугандарыныкына кетти.

Коомчулуктун нааразылыгынан кийин Абдиевди жумуштан айдашты, ал Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүнүн биринин орун басары болгон. Мындан сырткары Октябрь райондук ИИБси КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча иш козгоду. Тергөө уланууда. Баланын атасы болсо күнөөсүн мойнуна албай, видеону монтаж деди.

 

Ачка кыз жана бир банка варенье

Бул сүрөт 22-октябрда социалдык тармактардын өзбек сегментинде пайда болду.

“Тез арада жардам керек, биздин топто Тажикстандан адамдар барбы?” – деп жазды сүрөттү чыгарган автор. – Өз эжеси (атасынын бир тууганы) бул кызды кордоп жатат. Кыздын атасы түрмөдө, апасы кайда экени белгисиз. Туугандарынан чоң энеси эле бар, ал алыскы кыштакта. Кызды караган эч ким жок. Эжеси аны камкордукка алып, үйүн менчиктеп, сатып жиберген. Бул өз билемдикти токтотуңуздар. Жардам бериңиздер”.

Бул сүрөт катуу талкуу жаратты. Мамлекеттик органдар да кыймылдап, сүрөт чыгарылгандан бир нече саат өтпөй, кыздын үйүнө милиция барды. Эртеси 11 жаштагы Судоба менен 8 жаштагы иниси Мударристи жергиликтүү бийлик мектеп-интернатка жайгаштырды.

Эжеси Зульфия Сафарова  Судоба менен Мударристин атасын баңгизат ташыганы үчүн камашканын Asia-plus редакциясына айтып берди. 2014-жылы ушундай эле кылмыш үчүн балдардын апасы да кармалган. Алгач Судоба менен Мударристи тага журту багып, кийин Зульфияга беришкен.


Судобанын эжеси – Зульфия Сафарова, сүрөт: Asia-Plus


Сафарова балдарды кордобогонун, бирок Мударрис тилмчилеп кеткенде урганын айтты.

“Судобанын денесиндеги көгала тактар былтыр пайда болду. Ал жашыруун барып, жертөлөөдөн варенье алмакчы болгон. Ушул маалда кичүү уулум Тахмурас көрүп калып, кыз катуу коркуп кеткен,  колундагы банканы түшүрүп, өзү эски тепкичтен айнек сыныктарынын үстүнө жыгылган”.

Сафарованын айтымында, кыз ошол эле күнү тепкичтен түшүп бара жатып дагы жыгылган. Мунусунда цементке бети менен түшкөн.

Зульфия интернетке сүрөттү бакма уулу Тимур Каландаров жайгаштырган деп эсептейт, аны менен батирдин айынан соттошуп жүрүшөт. Тимур болсо өгөй апасы жаман аял экенин, балдар интернатта жүрсө дурус болорун билдирди.

Бул окуяда кимдики туура, ким күнөөлүү экенин тергөө азырынча аныктай элек. Балдар интернатта. Алар бул жакта баары жайында экенин айтууда. “Озодлик” билдиргендей, Сафарова бир да жолу сиңдиси менен инисинен кабар алган эмес.

Болушчаак эненин жоругу

Ушул жылдын июнь айында Алматыда 10 жана 13 жаштагы эки бала короодо уруша кеткен. Кадимки көрүнүш. Кимде мындай учур болбогон? Балдар эч кандай кылмышка барган эмес, бири бирине өзгөчө оор залалын тийгизбеди. Бирок “эркектердин” ишине 13 жаштагы баланын апасы аралашты. Ал бирөөнүн баласын подъездге сүйрөп кирип, токмоктоп салган. Бул фактыны видеокамера тартып калды.

Ишке милиция аралашып, иликтөө башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Казакстандын адам укуктары боюнча өкүлү бул окуяны өз көзөмөлүнө алган.

Бирок эки апта өтпөй токмок жеген баланын ата-энеси жана бала өзү аялды кечирди. Ал окуядан кийин жабыркагандардын үйүнө тынбай каттап кечирим сурады. Аял коомчулуктан алдында да кечирим сурады.

Коомдук ишмер  Жанна Ахметова үй-бүлө туура кадам жасады деп эсептейт. “Төрт баланын энесин жеңил жараат келтиргени үчүн баары бир катуу жазалашмак эмес, 10 жаштагы баланы сотко каттатып чарчатышмак. Анын үстүнө казакстандыктарга жасаган видеокайрылууда  аял чын дилден өкүнгөнүн көрүүгө болот. Анын аты-жөнү, үнү өзгөртүлгөн, бети жабылган, анткени үй-бүлө өз коопсуздугу үчүн тынчсызданат. Женяны болсо апасы, эжеси менен чогуу курортко жиберишет, компьютердик курс ийримдеринин жана башка чыгымдарын төлөшөт. Кимдир бирөөнү бул элдешүү нааразы кылат, дагы башкасы ушундай бүткөнүнө сүйүнөт. Соттоочу биз эмеспиз. А алар мындан ары да бир короодо жашашы керек”, – деп жазды активист социалдык тармактарга.

Кызын полго ыргытып

Өткөн жылдын жайында аял эмчектеги баласын полго ыргыткан роликти чыгарышты.

Бир нече күндөн кийин полиция видео каарманын тапты. Ал  талгарлык (Казакстан) 28 жаштагы Марина Тюменцова болуп чыкты. Аял жети айлык кызын полго ыргыткан, муну жарандык күйөөсү видеого тарткан.

Марина кечирим сурап баштады. Бирок анын өкүнгөнүнө укук коргоо органдары ишенген жок. Тюменцовага карата жашы жете элекке катаал мамилеси үчүн кылмыш ишин козгошту.

Окуя чоң талкуу жаратып, Маринаны орустардын  Биринчи каналы “Мужское/Женское” берүүсүнө чакырды.

Берүүнү тартып жатканда да, сотто да аял катуу өкүнгөнүн айтып, балдарымды алып кетпегиле деп суранып жатты.

– Балдарымды өзүмдө калтырыңыздар деп баарыңыздардан суранам! Милициядан да, камкордук мекемелеринен да балдарды калтырышын суранам. А алар мени камайбыз деп коркутуп жатышат. Мен азыр иштеп, балдарды бутка тургузууну көздөп жатам.

Марина окуядан кийин дароо эле жарандык күйөөсүнүкүнөн чыгып кеткенин айтты. Ал Алматыдагы эжесининин үйүнө убактылуу жайгашып, ишке орношту.

– Айлык көп эмес, бирок тамак-ашка, балдардын кийимине азырынча жетип жатат. Азыр ар бир бош мүнөтүмдү үч баламдын тарбиясына жумшап жатам, – деген аял.

Жыйынтыгында сот Маринага ишенди. Кылмыш жоопкерчилигинин ордуна ага 56 миң  ($170 тегереги) айып пул жазышты.

Картондогу бала

Өткөн жылдын 17-сентябрында Кыргызстанда болжолдуу эки жаштагы баланын базардагы контейнер жанында картондо жаткан сүрөтү тарады.

Интернет колдонуучулар балага жардам берүүгө үндөй башташты. Кийин баланын аты Исхак экени, ал үчкө чыкканы аныкталды.  Апасы Зульфия Үсөнованын дагы үч баласы бар, эң кичүүсү ошол кезде эки айлык эле. Үй-бүлө кыйын акыбалда, күйөөсү чет жакка иштегени кеткен.

Бул үй-бүлө тууралуу жаңылык чоң талкуу жаратып, чиновниктер маани бермей кое алмак эмес. Ошол кездеги социалдык өнүктүүрүү министри Кудайберген Базарбаев бул маселе менен өзү алектенди.

Башында баланын энеси алардын жеке жашоосуна кийлигишүү болгонуна нааразыланды. Аял сүрөт авторун жазалаш үчүн издей баштаган. Бирок кийинчерээк ал пикирин өзгөрттү. Анткени үй-бүлөгө материалдык жардам керек эле. Бардык документти чогултуп, балдарына жөлөк пул чыгарылды. Эң башкысы – президент Алмазбек Атамбаев аларга үч бөлмөлүү үй белек кылды.

Сүрөт: Sputnik- Кыргызстан


 

Аялына өчөшүп кызын уруп

Ушул жылдын ноябрь айында эркек киши кичинекей кызын катуу уруп жаткан видео жайылды.  Атасы алгач кызын ургулап, анан аябай кемсинтип туруп, үйдөн кууп чыгат.

– Эй шалаакы. Сен мага керек эмессиң. Апаң эки жылдан бери Түркияда жашайт. Эми силердин башыңарга ит жашоону саламын. Качан кетесиң? Чогулт кийимдериңди! Менин үйүмдөн кет, – деп кыйкырган ата кызды уруп-согууну улантат.

Кыз урбаңыз деп жалынса да,  атасы дагы күчтөнүп согот.

“Озодлик” аныктагандай, видео (азыр ал бардык жерден өчүрүлгөн) 2017-жылы Ташкентте тартылган. Кыздын апасы чындыгында Түркияга кеткен, келгенден кийин балдарды алып кетүүнү чечет. Кошуналардын айтымында, атасы видеону өзү тартып, аялына жиберген. Киши Ташкент шаарынын Мирабад райондук милициясында иштей турганы да белгилүү болду. Бирок алсыз баланы урганы ачыкталгандан кийин аны иштен айдашты. Мындан сырткары атага карата кылмыш иши ачылды.

9-ноябрда соттун көчмө жыйынында 4 жаштагы Муминаны жана анын 8 жаштагы агасын энесине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Атасына карата сот уланууда.

Психологиялык басымдан улам кызын уруп

Өткөн жылы Павлодардан видео тарады, 34 жаштагы Нургуль Докуова кичинекей кызын кордогон. Аял кыздын бетине уруп, муунтуп, чачынан сүйрөп, колун кайрыган. Кичинекейге эжеси болуша баштаганда, кыздын кийимин айрып салат. Ушунун баарын аял өзү телефонго тартып да турган. Анан видеону кыздын атасы менен кайын-журтуна жиберген.

Видео тарагандан бир нече саат өтпөй, тиешелүү органдар кызды балдар үйүнө алып кетип, Нургулгө карата  кылмыш иши ачылды. Сот маалында Докуова кечирим сурап, бардык казакстандыктарга кайрылды.

– Азыр балам үчүн аябай кыжаалаттамын. Үй-бүлөмдү кайтаргым келет. Чоң кызым аябай ыйлап жатат. Мени жөн эле кечирип коюнуздар. Өкүнөм. Балдарым энесиз жашашын каалабайм, – деп ыйлады Докуова.

Аял өзүнүн катаалдыгын Айлиндин атасынын туугандарынын басымы менен байланыштырды.

– Бул психологиялык басым эле. Алар мага ушундай катуу сокку жасашты. Эмне кылышты билбей тургам, аябай оор акыбалда элем. Мен бул тууралуу эч кимге айта албагам. Бирөө-жарымга да кайрыла албадым, -дейт ал.

 

Жыйынтыгында сот чоң кызын энесине калтырды, Айлин болсо атасынын колунда. Нургуль андан анык бир убакта гана кабар ала алат.

 


Эч качан балдарды урбаңыз

 

Асель Баимбетова, психолог:

– Үй-бүлөдө мамиле ар кандай болот, бирок кандай болгон күндө да ата-эненин милдети – өз баласын коргоо. Ата-эне бала тарапта турушу керек. Бирок, мисалы, атасы балага  кол көтөрсө, энеси коркуп, эч нерсе дей албаган учурлар кездешет. Мындайда ал укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Эгер энеси унчукпай жүрө берсе, ал кылмышка шериктеш болот.

Ур-соккунун кесепети балага ар кандай тиет. Медицианлык көз караштан алаганда, ата-эне баланы катуу кокустатып же майып кылып коюшу мүмкүн. Бирок бала физикалык жактан эле жараат албайт да, психологиялык жагы да бар. Бала коркок, түнт же агрессивдүү болуп кетиши мумкүн. Түнт бала баарынан коркот, ата-энесинен дайым корунат. Ошол үчүн ал турмуштун ар кандай кырдаалдарында адаптациялана албайт, турмушу кыйындайт.

Дагы бир жагы бар, бала ата-энесиндей эле агрессивдүү боло баштайт. Мындай бала чоңойгондо өзүнө да, башкаларга да катаал мамиледе болот. Уруп-соккон ата-энесине да катаалдык менен кайрылат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz