Соцтармакка тараган видеодогу мушташкан кыздар мурда милициядан эскертүү алган

Кечээ, 15-майда “Фейсбук” социалдык тармагына өспүрүм кыздардын урушкан видеосу тараган. Андан окуучулардын бирөөсү экинчисин чачынан тартып, кечирим суратып жатканын көрүүгө болот. Ош шаардык милициясы видео каармандарынын аты-жөнун аныктады.

Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, окуучу кыздар шаардагы мектептердин биринде билим алат. Окуя ушул жылдын апрель айынын биринчи жарымында болгон. Тараптар жана алардын ата-энелери өз ара жарашып алганы белгилүү болду. (Видео компьютерден ачылбай жатса, сүрөттүн үстүнө  бир жолу басыңыз. )

“Бул кыздарга жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы мурда эскертүү берген”, – дешти милициядан.

Видеодогу окуучулар алардын ата-энеси менен бүгүн маектешүү жүргүзүлөт.

” Күнөөлүулөр аныкталса, мыйзам чегинде жазага тартылат. Мындай фактыга жол берген жана өз кызматына кайдыгер мамиле жасаган милиция кызматкерлери болсо, алардын дагы жоопкерчилиги каралмакчы”,  -дешти Ош ШИИБден.

Видео Жипаргул Баргибаеванын баракчасынан алынды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген