Социалдык тармактарды багындырган балага белектер жана өзүнүн сүрөтү тапшырылды

Фотосүрөтчү Зафер Динчер социалдык тармактарда белгилүү болгон балага барып, белектерин берди. Ал өзүнүн фесбуктагы баракчасына 5-июль күнү, жаңы сүрөт жана видеолорду жарыялаган.

Ал балага ар кандай оюнчуктарды, ошондой эле анын портретин алып келген. Наристе аябай кубанды. Баланын үй-бүлөсү сүрөтчүгө көңүл буруп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Зафер Динчер 17 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жашайт. Ал кесиби боюнча физика мугалими, бирок бош убактысында Кыргызстандын пейзаждарын сүрөткө тартканды жакшы көрөт. Июнь айында саякат учурунда Ноокат районунун жайлоосунда кичинекей бала менен таанышкан. Жандуу эмоциялар, баланын кызыгуусу фотографтын көңүлүн буруп, ал бир нече сүрөт тарткан. Баланын сүрөтү таанымал болуп калды.

https://www.facebook.com/735052695/videos/pcb.10159138856002696/2942388476014047

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.