Сооронбай Жээнбеков Венгриядагы Баатырлар аянтына гүлчамбар койду

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда Венгриядагы расмий иш сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына гүлчамбар койду.

Иш-чара ардактуу кароол ротасынын катышуусу менен аскер оркестринин коштоосунда өттү.

Мамлекет башчысы венгер мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна салымын кошкон белгилүү венгер ишмерлери менен инсандарынын элесине таазим кылды.

Баатырлар аянты – Будапешт шаарынын эң маанилүү аянттарынын бири, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын бир бөлүгү болуп саналат.

Баатырлар аянтынын ортосуна баш периште Гавриил жана анын айланасында мадьярлардын 7 жол башчысынын элестери берилген Миңжылдык мемориалы турат. Эстелик венгерлердин мекенинин калыптанышына жана Венгер королдугунун негизделишине арналып курулган. Ошондой эле көрүнүктүү венгер ишмерлеринин скульптурасы менен коллоннада тургузулган. Мемориалдын алдында венгер баатырларынын урматына эстелик такта орнотулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген