Өлкө башчысы Шереметьево аэропортундагы кырсыкка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

«Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, баардык жабыркагандардын тез айыгып кетүүсү боюнча каалоомду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленген Мамлекет башчысынын көңүл айтуу  телеграммасында.

Москвадагы учак кырсыгынан 41 адам каза болду. Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.