Сооронбай Жээнбеков орусиялык журналисттерге агынан жарылып интервью берди

Президент Сооронбай Жээнбеков Эриш-аркак жылынын ачылыш аземинде орусиялык ЖМКнын өкүлдөрүнө интервью берди. Анда Кыргызтандын ажосуна бир канча суроолор берилип, анын арасында орус тили кыргызстандыктар үчүн канчалык мааниге ээ экендиги, аталган тилдин келечеги тууралуу Жээнбеков төмөнкүлөрдү айтты.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясында орус тили официалдуу тил катары калыптанган. Бул статус мындан кийин да өзгөрбөйт. Бизде орус тили жашоонун дээрлик бардык тармагында кеңири кулач жайган тил. Бул тил бизге улуттар аралык мамилелерди чыңдоого, башка улуттарга кыргыздардын маданиятын, тарыхын жана нарк-насилин таанытууга көмөк көрсөтөт”,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Кыргыз ажосу эки өлкөнүн ортосундагы Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда орус тилинин жардамы менен бир канча иш-чаралардын өтөөрүн кошумчалады.

“Кыргыз элибиз орус тилинде эркин сүйлөй алгандыктан, Орусияга келген кыргыздар өздөрүн эркин сезишет. Албетте орус тилинин өнүгүшү боюнча маселелер дагы бар. Алардын бири- аймактардагы орус тилинин окутуу деңгээли. Орусиянын колдоосу менен аталган көйгөйдү жоебуз деген ниеттебиз. Андан тышкары билим берүү системасынын негизинде тил үйрөтүү тармагына эл аралык стандарттарды киргизүүнү пландап жатабыз”,- деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи бүгүн, 27-февралда Москва шаарында (Россия) Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтүп жатат.

Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылынын максаты эмне?

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген