Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, мамлекеттик органдардын катышуусу менен чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралууда.

Ыкчам штабдын жетекчиси – биринчи вице-премьер-министрдин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Кыргызстанда алгачкы жолу онлайн той өткөргөн жаш жубайлар. Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген