Президент өлкөдө ишкерлер үчүн түзүлгөн шарттарды атады

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ишкерлер менен жолугуп, келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү, инновациялык технологияларды кеңири колдонгон, инвестициялар үчүн ыңгайлуу экономиканы түзүү керектигин айтты.


Президент ишкерлер менен жолугушуунун максаты бышып жетилген курч көйгөлөр жөнүндө ийри олтуруп, түз кеңешүү экенин белгиледи.

Ошону менен бирге ишкерлерге тоскоол болуп жаткан жагдайларды жоюу боюнча иш жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Алсак:

— жаӊы түзүлгөн бизнести текшерүүгө 3 жылга мораторий киргизилди;

— салык процедурасын фискализациялоо системасы киргизилүүдө;

— технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду;

— тигүү тармагындагы жеке ишкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүлдү;

— ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бизнести тейлөө борборлорун түзүүлүүдө;

— кепилдик Фонд түзүлүп, ал быйыл — бир жылдын ичинде эле 535 ишкерге кепилдик берди;

— мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү максатында мыйзамдын жаңы редакциясы парламентке киргизилди.

«Ошентсе да, Өкмөттүн, сот системасынын, укук коргоо органдарынын дарегине бизнес коомчулугунун айта турган олуттуу дооматтары жана суроолору бар. Чынында эле бул дооматтар жүйөөлүү. Тилекке каршы, кээ бир мамлекеттик органдар, ишкерлерге шарт түзүп, жардам бергендин ордуна, дагы эле ар кандай текшерүүлөр менен алардын ишине кийлигишкен учурлар уланып жатат», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Айрым ишкерлер текшерүүлөрдөн, тоскоолдуктардан тажагандыктан иштерин жыйыштырып же башка өлкөлөргө көчүрүп кетип жатканы тууралуу  айтышты .

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген