Сооронбай Жээнбеков ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга каражат бөлдү

Бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга каражат бөлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент кол койгон буйрукка ылайык, акча каражаты майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн.

Ага ылайык,  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана  Билим берүү жана илим министрлигине (ар бир министрликке — 2 500 000 сомдон) Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан жалпы 5 000 000 сом бөлүндү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген