Президент БШКнын жаңыланган имаратына барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-ноябрда, Кыргызстандын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңыланган имаратына барды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясына ылайык түзүлгөн Жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларынын борборунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Анын негизги ишмердүүлүгү шайлоо процессине катышуучулардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана билим берүү программаларын, семинарларды, лекцияларды, илимий-практикалык конференцияларды, тегерек стол, окутуучу тренингдерди жана башкаларды уюштуруу болуп саналат.

Президент бардык региондордо Борбордун программасын тең жайылтуу үчүн облустардагы жогорку окуу жайлар менен өз ара мамилесин камсыздоо боюнча пландарды колдоду. Борбордун иш-чараларынын бардык жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарылдыгын баса белгилеп, электрондук окутууларды жүргүзүүдө салттуу форматтарды да, заманбап санариптик технологияларды да колдонууга чакырды.

Нуржан Шайлдабекова мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу жана шайлоо процессине жаштардын катышуусун жогорулатуу боюнча иштер тууралуу айтып берди.

“Шайлоо системасынын ачык-айкын жана туура иштөөсү БШК мүчөлөрүнүн, аймактык комиссиясынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнөн жана адамдык сапаттарынан көз каранды”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Өлкө башчы БШК мүчөлөрүн жана аппарат кызматкерлерин Шайлоо комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген