Сооронбай Жээнбеков 60 жашта. Өмүр баян

Бүгүн, 16-ноябрь президент Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Өлкө башчы 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

1983-жылы Константин Скрябин атындагы айыл-чарба институтун зооинженер адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1976-1977 – жылдары Өзгөн районундагы Ленин мектебинде мугалим

1977-1983 – жылдары Константин Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун студенти

1983-1988 – жылдары Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник

1988-1989-жылдары  –  Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору

1989-1991-жылга чейин  Ош облусундагы Совет районунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы

1991-жылдан 1993-жылга чейин – Ош облусунун  Совет районундагы Ульянов атындагы совхоздун директору

1993-1996-жылдары – Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун “Кашка-Жол” колхозунун башкармасы

1995-жылы Жогорку Кеңешинин I чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин  Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары

2007-жылдын 3-апрелинен тартып 24-октябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри

2008-жылдан 2010-жылга чейин  – жеке ишкер

2010-2015-жылдары – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси –облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун милдетин аткаруучу

2010-жылдан тартып Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

2015-жылдын 11-декабрынан тартып – Мамлекеттик кадр кызматынын директору

2016-жылдын мартынан тартып –  Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары

2016-жылдын 13-апрель айынан тартып –  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына былтыр 2017-жылдын 24-ноябрында киришкен.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген