Сооронбай, Түмөнбай жана Түгөлбай. Айыл өкмөтү үч эмдин үй-бүлөсүнө жардам берди

Сооронбай, Түмөнбай жана Түгөлбай атту үч эмдер эсиңиздеби? Кечээ, 23-март күнү Кара-Кулжа районундагы Биринчи май айыл өкмөтүнүн кызматкерлери эгиздердин үй-бүлөсүнө жардам берип кайтышты. Айыл өкмөт кызматкерлери менен кошо“Ынтымактын” аймактык кабарчысы да барып, үч эмден кабар алып кайтты.

Жергиликтүү бийлик эгиздердин үй-бүлөсүнө учурдагы абалдан кыйналбасын, жардам болсун деген максатта кир жуугуч машина, ун, май жана башка азык-түлүктөрдү, турмуш-тиричиликке керектүү каражаттарды, беткап жана антисептикалык каражаттарды жеткирип берди.

“Айыл өкмөт башчысы аталган жардамдан тышкары бул чоң үй-бүлөнүн кыш айларында пайдаланган электр энергиясынын төлөмүн төлөдү. Ошондой эле үйүнүн алдына таза суу чыгарып берүүгө, үч эмди бала бакчага алып, акысыз тарбиялоого сөз берди”,- деди “Ынтымактын”аймактык кабарчысы.

Байтемировтордун жалпысынан 6 баласы бар. Улуу кызы 6 жашта, андан кийинки эгиз кыздары 5 жашта, Сооронбай, Түмөнбай жана Түгөлбайлар 2,5 жашта.

Үч эмдердин апасы Гүлбайра Кунтаева эгиздерин 33 жашында, 2017-жылдын 7-октябрында төрөгөн. Ошол жылы үч эмдин үй-бүлөсүнө президент Сооронбай Жээнбеков да көңүл буруп, 42 миң сом акчалай сыйлык берилген.

Ошондой эле ымыркайларды  Кара-Кулжа райондук админстрациясы көзөмөлүнө алууну, өздөрүнүн үйү жок болгондуктан, турак-жай менен камсыз кылууну убадалаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген