Ош шаарынын вице-мэрлери алмашты

Исаев Марс Асанович Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бүгүн, 6 -сентябрда Ош шаарынын мэриясынын аппаратына таныштыруу болуп өттү.

Дайындоо боюнча буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.
Марс Исаев Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Буга чейин Ош шаарынын биринчи вице-мэри Юсупов Замир Байышович болгон.


Ал эми Жунусбаев Сонунбек Калмаматович 3 айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.

Аны дайындоо боюнча буйрукка бүгүн, 6 -сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.

Сонунбек Жунусбаев шаардагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектейт.

Буга чейин, Ош шаарынын вице-мэри болуп Топчубаев Асылбек Аманович иштеген.




Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.