Солтобай Кулбаев: “Бизди бакпайт экенсиң деп апам таарынып…”

Эң кенже уул арзуу-максаттарына жетүү үчүн актёр болууну чечкен. Атасынын мураскери болчу инсан, улуулардан өнөрдү мурас кылып алды. “yntymak.kg” сайты  бул ирет театр жана кино актёру, КРдин эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын ээси Солтобай Кулбаев менен баарлашты.

– Агай, салтка айланган суроону узатайын. Чыгармачылык жашооңуз кантип башталган?

Мен мугалим болгум келчү. Балдарды окутсам, алар менин айтканымды угуп, суктанышса деп кыялдана берчүмүн. Кийин эле биздин айылга “Чингачгук –Большой Змей”деген кино коюлуп барып калды. Ошондогу актёрлордун жараткан образдары менен катуу таасирленип кеттим окшойт, дароо эле мугалим болом деген оюм актёрлукка алмашты. Ошол тасманы көргөндөн кийин мен сөзсүз “Чингачгук” болом дедим. Үйдөн бир ишти жасаш керек болуп калса агаларым: “Ушул ишти кыла албасаң, Чингачгук боло албайсың”,- десе, айтканынан чыкпай жасачумун (күлүп).

– Эмне үчүн сахнаны тандадыңыз? Ата-энеңиз каршы болгон жокпу?

Үйдөгүлөргө мен актёр болом, спектакль ойноп, кинолорго тартылам дедим. Алар менин тандоомду жакшы эле кабыл алышты. Бирок апам: “Сен артист болсоң, бизди бакпай калат экенсиң да”, – деп таарынган. Анткени мен үйдөгү эркек балдардын эң кичүүсү элем. Бул кесипке каалоом күч болгондуктан, актёр болсом деле силерди багам, келип кетип турам дедим. Апам менен атам искусствону түшүнгөндүгү үчүн менин каалоомо каршы болушкан жок. Ошондо мен жерге батпай сүйүнгөнмүн. Кийинчерээк орто мектепти аяктап, 1980-жылы Фрунзеге бардым. Ал жакты жакшы билбегендигим үчүн улуу агамды мага кошуп беришти. Барып окууга тапшырып, 1-турдан эле өтүп кеттим. Кийинки турларына катышпай эле, башка балдарды карап, комиссия мүчөлөрүнүн катарында олтурдум. Окууну бүтүп келгенимден кийин, үйдөгүлөр эми кантип тиричилик кылаар экенсиң деп сарсанаа болушкан. Ал убакта азыркыдай батир деген жок болчу. Ар кимдин үйүндө жашап жүрдүк. Бишкекте орус, Ошто өзбек туугандардыкында жашадым. Бир жылдан кийин гана жатакана берилди. Кыйынчылыктар болбоду дебейм. Биз деле кыйналдык, кагылдык, курчудук дегендей. Жашоо билинбегени менен көп кырдуу экен. Андагы ысык-суукту баштан өткөргөндөн кийин, ойноп жаткан ролуңа өзүңдүн турмуштагы кайгылуу, кубанычтуу бир ирмемдерди кошуп ойносоң гана көрүүчүлөрдү ишендире аласың. А эгер мындай күндөр башыңан өтпөсө, жөн эле элестетип ойнойм десең максатка ылайык болбой калышы мүмкүн. Баары эле силер күлүп, каткырып эле жүрө бересиңер дешет. Жок, биз деле ыйлайбыз,таарынабыз, чарчайбыз… Ар бир иштин өзүнүн ырахаттуу жана түйшүктүү жактары бар да.

– Сиз ойногон эң алгачкы роль кайсы? Ошол учурдагы сезимдерди эске салсак…

Аскердик кызматымды өтөп келсем “Жаңылануу” деген спектакль коюлуп жатыптыр. Ага мен да катышып, Юсуф аттуу жигиттин ролун ойногом. Ал спектакль Өзбекстандын пахта талаасы жөнүндө эле. Анда мен пахта терип жүрүп, бир сулууну кезиктирип калып, аны сүйүп, айтор сезимимди арнашым керек болчу. Автор ал чыгармасында  сүйүүнү көбүрөөк берип, аруу сезим менен эмгекти айкалыштыргысы келген. Ошондо мен өзүмөн 10 жаш улуу эже менен роль жараткам. Ал менин сүйгөнүмдүн ролунда болчу (күлүп). Эже экөөбүз ашык  жуптардын образын жаратканда, кесиптештерим мени аябай мазакташкан. Тамашага салып, “Экөөң тең бойдоксуңар, үйлөнүп эле алсаңар болмок”, –  деп күлүп калышаар эле. Чындыгында ал кездеги сезимдерди сөз менен айтып жеткирүү кыйынга турат, уялганымды айтпа.

– Балалыгыңыз кайда өттү?

Алтын доорум Аксынын Жерге-Тал айылында калды. Балалык – ушунчалык таттуу доор экенин эми сезип жатам. Ал кезде мен өзүмдү “Чингачгук” элестетип, айылдаш досторум менен кулун-тайларды минип алып эле тоого чыгып, согушат элек. Эгер туш тараптан чыга калышса: “Эй Болот, сен өлдүң”, – деп ойной берчүбүз (күлүп). Чана тээп, хоккей да ойнодук. Бирок үй тиричилигине да каралашып,  мал-жандыкты да кароосуз калтырчу эмеспиз. Ошентип көз ачып жумгуча, жаштык да өтүп кетти.

– Тандооңуз үчүн өкүнгөн жоксузбу?

Албетте мындай учурлар да болбой койбойт. Кээде көздөгөн нерсеңе тыйын-тыпырың жетпей калганда, каап, акчасы жакшыраак эле кесипти аркаласам болмок экен деп калам (күлүп). Туура, жаш кезде менде да кетип калсамбы деген ойлор болгон. Бирок мен сахнаны таштап кете албашымды билем. Ачыгын айтканда театрдан кетип калганымды элестетип алып коркчумун. Көрүп эле жатпайбызбы бул тармакты таштап кеткендер, айланып эле кайра келишет. Себеби биз театр үчүн фанат болуп калганбыз. Мейли миң кыйналсак да, чыдайбыз. Бул өнөр биздин кан-жаныбызга сиңип калган. Мисалы мен  3-4 ай роль жаратпай калсам, баласын сагынган кишидей ушунчалык  куса болуп, кыйналам. Биз канчалык көп  роль ойноп, сахнага чыгып, элдин көзүнө көрүнүп турсак, ошончолук эргүү алып, жеңилдеп калабыз. А эгер көрүүчүлөр залга толуп, шатырата кол чаап, алкап турса, ого бетер жашара түшөсүн.

– Өзүңүзгө жаккан ролуңуз кайсы?

Мага бардык эле ролум жагат, анткени ар бири өзгөчөлөнүп турат. Айрыкча С. Жетимишовдун “Алымбек датка” драмасында башкы каармандын ролун ойногонум жагат. Ч. Айтматовдун “Гүлсарат” спектаклиндеги Гүлсарат менен Танабайдын  образын айтсам болот.  Кечээ жакында эле Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган концертте, мага кайрадан Гүлсарат менен Танабайды ойно деп калышты.  А мен жаш курагым да туура келбей калганын айттым. Режиссёр болсо: “ Эч нерсе болбойт, өзүң ойной бер, балким мурдагыдан да жакшы ачып бересиң”,- деп калды. Макул болуп ойнодум. Көрүүчүлөр да аябай жакшы кабыл алышты.

– Жараткан образдарыңыздан көңүлгө толбой калгандары да болобу?

Өтө тездик менен ойноп, жан дүйнөсүн ачып бере албай калган ролдор деле болот. Бирок ар бир аткарган роль балаңдай эле болуп калат экен да. Мисалы бир каарманды ачып бере албай калсаң, өзүңчө бир буюмуңду жоготуп алгандай кыжалат боло бересиң. Анткени образдын үстүндө иштеп жатканда, сөздөргө көбүрөөк маани беребиз да. Өнөктөшүңө эмнени айтып жатасың, ал эмнени сүйлөп жатат айтор түшүнүшүң керек. Экөө бири-бирин жакшы кабыл алып, көңүл коюп даярданса, мындай көрүнүштөр болбойт деп ойлойм.

– Ойногон ролдоруңузга сын-пикирлер да айтылбай койбосо керек…

Сын айтылбаса, талант да өркүндөбөйт. Акыркы жолу Г. Сатыбековдун клибинде роль жараттым. Мына ошондо көптөгөн көрүүчүлөрдүн сынына кабылдым десем болот. Көпчүлүгү: “Арман киносунда аябай жакшы ойноп, элдин баарын ыйлаттың эле. Эми клипте ушундай начар кишинин ролун жаратасыңбы”,- деп терс ойлорун айтып, жаман көрүштү кадимкидей. Анан мен аларга: “Таарынбагыла, биздин кесип ушундай, бир эле оң каарманды ойной берсен да болбойт. Кийин көрүүчүлөр да башка каармандарды жарата албайт окшойт деген ойдо калат”,- дедим. Актёрдун ааламы кең болушу керек. Канчалык көп образ жаратып, ар түрдүү ролдорду ойносоң, талантың да ошончолук өсөт. Мүмкүн болушунча ар кандай  каарманды ойноп көрүү керек.  Кесиптештер арасында: “Кичинекей роль болбойт, кичинекей актёр болот”, – деген кеп бар. Мисалы, кичинекей эпизод болсо дагы, көрүүчүгө көрүнүп, жарк деп чыгышың керек. Негизинен эпизоддук ролдорду жаратуу татаал. А чоң ролдордо башынан баштап баарын мээңе сиңирип, сүйрөп кетсең болот. Эпизоддо болсо, бир кирип чыкканда эле элдин эсинде калыш үчүн көп издениш керек. Биздин кесип деле оңой эмес. Бул тармактагылар көп ойлонуп жатып, психологиялык жактан жабыркап калышат. Ошондуктан бир ролду жараттыңбы, аны дароо унутууга аракет кылуу зарыл. Ал образ менен жүрө берүүгө болбойт. Мындай учурда мен да өзүмдү  алаксытууга аракет кылам.

– Аткарган образдан бир канча убакыт чыга албай жүргөн учурлар болобу?

Туура айтасың, аткарган ролдордон чыга албай калган учурлар да болот. Мен көбүнчө драмада кадимкидей чыга албай калам. Бир жолу Алымбек датканын ролун ойнодум, андан кийин эле Ч. Айтматовдун “Гүлсарат” спектаклине  съемка деп калышты. Эми ойлоп көр, бир чоң спектаклден кийин, дароо эле башка спектакльга съемка болуп калганын. Ошондо мен Алымбек датканын образынан чыга албай, бир топко кыйналдым. Чындыгында психологиялык да физикалык жактан да аябай чарчап калган экенмин. Эптеп аягына чыгарып ойнодум да , бүтөөрү менен бөлмөгө барып куладым. Элестет, ордумдан тура албайм, ушунчалык чарчаптырмын. Биртке эс алсам эле өзүмө келип калчудаймын. Мындай учур бир эле менде эмес, бардык актёрлордо кездешет.

– Башка кесиптердей эле, театрда да интригалар болбой койбосо керек…

Албетте, жашоо ушунусу менен кызык да (күлүп). Эгер мен жөнүндө кандайдыр бир ушак кептер айтыла турган болсо, мен ага терикпейм деле. Мүмкүн болушунча көңүл бурбай коюуга аракет кылам. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”, – деген кеп бар эмеспи, айтылган сөз айтылып кала берет. Эгер ар бир сөзгө эле маани берип, кыжалат боло берсең тез эле ооруп каласың. Негативдүү сөздөрдү кулак сыртынан кетирүүнү үйрөндүм.

– Сахнада ким менен жакшы өнөктөш боло аласыз, кайсы кесиптешиңиз менен иштешүү оңой?

Мен үчүн баары эле бирдей. Мисалы кайсы өнөктөшүң сенин уйгу-туйгуңду сезип, сенин сезимдериң менен жашап турса ошол менен роль жаратуу оңой. А эгер жаныңдагы адам сенин көз карашың менен жашабай жатса анда кыйын болуп калат. Анда ал актёр эмес, ал сырттан келген жаны жок робот сыяктуу эле болуп калбайбы. Өнөктөштөр бири-бирине көңүл буруп, бир сезимде жашаса көрүүчүлөрдү да ишендирүү оңой болот. Шеригиң начар болуп калса, канчалык далбастап аракет кылсаң деле майнап чыкпайт. Мындайлар деле бар.

– Театрдан бөлөк, эмне жумуш кыласыз? Кошумча каражат тапчу булагыңыз барбы?

ОшМуда театр таланттары деген ийрим бар, ошол жерде студенттерди даярдайм. Андан сырткары кино, клиптерге тартылып коём. ЭлТРдин котормо студиясына да барып турам. Биз ушундай жол менен кошумча каражат таап турабыз да. Өзүңөр билгендей жалаң эле айлык менен жашаш кыйын. Азыр мен ипотекага батир алгам. Ага ай сайын 15 миң сомдон төлөп турушум керек. Театрдагы айлыгымды батирге төлөсөк, тапкан тыйындын калганын келинчегим экөөбүз кеңешип, башка муктаждыктарга жумшайбыз.

– Келинчегиңиз да чыгармачылбы?

 Келинчегимдин аты Гүлчач, ал мектепте мугалим болуп иштейт. Ал да ырдайт, комуз чертет. Ырааматылык кайнатам да комуз чертип, акындар менен айтышып калаар эле. Айтор кайын журтумдагылардын баары чыгармачылыкты бийик туткан кишилер. Жубайым өзүнүн кесиби менен эле алек болуп калбастан, менин да чыгармачылыгымды баалап, колдоп, кеп-кеңешин айтып турат. 

– Теманы үй-бүлөңүзгө бурсак, жубайыңыз менен кантип табышып калдыңыздар эле?

Гастролго чыкканга ырдай турган кыздар керек болуп калды. Анан эле айтып калышты: “Аксыда бир тууган кыздар бар, экөө тең комуз чертип, ырдашат”, – дешип. Мен алардын үйүн таап барып, биз менен чогуу гастролго чыгып келбейсиңерби дедим. Ошентип 3 айлык гастролдо жүрүп, андан ары Гүлчачты үйгө алып кеткем (күлүп). Жылдызыбыз келишип, баш кошконбуз. Мына эми  Барчынай, Назик деген эки кызды тарбиялап келе жатабыз. Кудай бешенебизге ушундай тагдыр жазган экен, улуу кызым оорукчан болуп калды. Кичинекей кезинде башынан жараат алып ушул күнгө  туш болдук.  Ал 24 жашта, экинчи топтогу майып. Бирок кадимкидей басат, бирок так сүйлөй албайт. Айтор оюндагысын түшүндүрүп  бере алат. Ушунусуна деле шүгүр деймин. Кичүү кызым болсо быйыл 10-классты аяктайт.

– Чөйрөңүздөгүлөр кайсы сапатыңызды баалашат деп ойлойсуз?

Айланамдагылар менин ачык-айрым жүргөнүмдү бааласа керек. Көп нерсени ичке сактабайм. Бизче айтканда мени “палпыс” деп жакшы көрүшөт (күлүп). Кээ бир кыймылдарды жасаганда ушул сапатым даана байкалат. Дасторкондо жакшынакай эле олтурганда, кашык түшүп же пиала жылып кетип. Ошону көрүп эле: “Иий, палпыс”, – дей беришет (күлүп). Канча аракет кылбайын бул адатымды таштай албадым. Азыр ойлоп көрсөм кичинекей кезимден эле мүнөзүм ушундай экен. Ат мингенде тетири жактан минип алып, “Оң тарабынан минбейсиңби?”, – дешсе деле, улам келип тетири минип(күлүп). Көбүнчө апам: “Иий, палпыс балам. Каарысаң деле палпыстыгың калбайт окшойт”,- деп боору ооруй берчү. Бир жака жиберип калса да: “Ай, балам, олдоксон болбой, жакшы барып кел!”,-дечү. А мен апама таарынып: “Ушул сиз эле мени олдоксон деп жүрүп, ушундай болуп калдым”,- деп айтаар элем.

– Маданият министри болуп калсаңыз эмнени өзгөртмөк элеңиз?

Кызыктуу суроо болду(күлүп). Эгер мен маданият министри болуп калсам, биринчи кезекте эле реформа жасамакмын. Театр тармагы болобу же башкабы айтор элди алдыга сүйрөп, баарын театрга алып келе тургандай аракеттерди кылмакмын. Бала-бакчадан баштап театрга барып, жомокторду көрө тургандай кылмыкмын. Себеби, союз убагында жакшы көрсө да жаман көрсө да айылдагы элдерден тарта окуучуларга чейин театрга алып келишчү. Азыр эми мажбурлап да алып келе албайсың. Адамдардын убактысы жок, театрдан качат баары. Илгери кадимкидей эле жумуштан кийин театрга келип, спектакль көрүп кетишчү. Айтор театр сүйүүчүлөрүн көбөйтмөкмүн.

– Сиз ушунчалык каалаган, бирок сизге бериле элек роль кайсы?

 Мен У. Шекспирдин чыгармаларынан “Ричард III” , “Отелло”, “Макбет” дагы башка көптөгөн классикаларда роль жараткым келет. Эмнегедир соңку кездерде классикаларга кызыга баштадым. Жашым өтүп кете электе катышып калсам дейм. Кийин 70 жаштан өтүп калганда ойноо кыйын болсо керек. Бирок мен Англиянын 80ге чыккан актёру “Гамлетти” ойногонун укканмын. Ага жакшы гримм жасап, сахнага чыкканда, эл тааныбай калыптыр. Анын сыңарындай театр өзү жаштыкты сүйөт, бирок ошол театрда иштеген актёрлор да карыгысы келбейт. Алар дайыма жаш образдарды жаратууну каалашат.

– Маегиңизге чоң рахмат. Ийгиликтериңиз арта берсин.

Чоң рахмат, силердин кесибиңер деле оңой эмес. Ар тараптан, ар башка адамдын ички сезимин элге жарыялап жатканыңар үчүн ыраазычылык билдиремин. Эл сүйгөн маалымат булагы аталып жүрө беришиңерге тилектешмин.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген