Соль-Илецктен келген мигранттардын жосунсуз жоруктарына эл нааразы

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында Соль-Илецктен кайтып келген мигранттар обсервациядагы медиктердин талаптарына баш ийбей жаткандыгын айтты.

Министрликтин бул маалыматынан кийин кыргызстандыктар мекенге алынып келинген мигранттардын жосунсуз жоруктарын сындап, аларга нааразычылыктарын айтышууда:

– 41-жылкы согушта деле аталарыбыз өлбөй-житпей, талаада эле түнөшкөн. Сабырдуулук кылып, тартипке баш ийишсе болот эле;

– Өлкөгө келип жылынып калышты да, чет жерде үшүп, тоңуп олтурушса тынчыраак болмок;

-Коркунуч бар экени билип туруп, тобокелчиликке салып алып келди го мамлекет. Эми санитардык эрежелерди сактап, медиктерди угуп, жатып турушпайбы 14 күн. Үйүнө качып барса жакындарына жугуп, андан нары элге тарап кетет го, эмнеге ойлонушпайт? Укук коргоо органдары баш ийбеген жарандарга каттуу чара колдонушу керек!

-Озуңорду ойлой бербей элди дагы ойлогула! Тартипти сактап, обсервациядан отуп чыккыла да;

-Буга чейин өздөрү ойлонуш керек эле. Январдан бери айтылып эле атат, жолдор жабылат деп. Эми алып келсе да жон жатпай догурунуп атышат. Көнүшкөн да ушинтип жүрүшүп(албетте бардык мигранттар эмес, айрымдарына тиешелүү);

-Болду эми, көп эле тайраңдап, эркелей бербегиле! Баардык тууган- уруктарыңарга жугузгуңар келип жатабы! Келдинерби жулунуп атып, эми Кыргызстандын законуна баш ийгиле,карантинде жаткыла бизге окшоп, ошону самап келдиңер;

-Сактансаң сактайм деген сөз бар. Оору башталды, дүйнөгө тарайт дегенде эле өлкөгө келе беришсе мынчалык кыйынчылык болмок эмес”,- деген сыяктуу пикирлерди жазып, социалдык тармактардын колдонуучулары Соль-Илецктен келгендерди жемелеп атышат.

Эске салсак, 7-майда Соль-Илецк шаарынан 541 кыргыз жараны Казакстан тарап түзүп берген бир жолку акциянын алкагында транзит коридордон өтүп, Кыргызстанга келишкен жана медициналык байкоого алынышкан.

“Соль-Илецктен алынып келинген жарандардын арасында карантиндик тартиптин талаптарын аткарбагандар бар. Обсервацияда жүрүү эрежелерин бузуп, качып кетүү учурлары да катталды. Ошондуктан тартипке келтириш үчүн милицияга кайрылууга аргасыз болдук. Алар өзүнүн туугандарын, ата-энелерин, тааныштарын кандай тобокелчиликке жана коркунучка түртүп жатканын түшүнбөй жатышат”, –  деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Ал ошондой эле качып кетүү аракеттери жокко чыгарылып, учурда кырдаал көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, бүгүн, 10-майга карата өлкөдө 71 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын 55 учуру Соль-Илецктен келгендер экендиги маалым болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.