Соль-Илецкте дагы көп сандагы кыргыз жарандары мекенге келүү үчүн чогулушту

Соль-Илецкте дагы бир топ кыргызтандыктар мекенге кетүү үчүн чогулушту. Мындан улам ТИМ Казакстан бийлигине мекендештерди Казакстан аркылуу алып өтүү үчүн транзиттик коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылды. Азырынча коңшу өлкөдөн жооп келе элек. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Учурда Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында турган кыргызстандыктар Казакстандын жообун күтүп жатышат.

“Ушул жылдын 16-сентябрында Оренбург облусунун чек арасындагы Башкортостандын аймагына көп сандагы кыргыз жарандары чогулду. Кыргызстандын Уфадагы элчилигинин кийлигишүүсү менен аталган аймакка мигранттар үчүн убактылуу чатырларды тигип жашап турууга уруксат берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Пандемия башталгандан бери орус-казак чек арасында бир канча жолу мигранттар топтолушту. Мекенге кайтууну каалаган кыргызстандыктардын биринчи тобу – 541 киши 7-майда Казакстан аркылуу мекенине жеткирилген. Экинчи тобу майдын ортосунда кайткан. Анда Оренбургда Кыргызстан жана Өзбекстандын 500дөй жараны топтолгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген