Сокулуктагы абактан төрт киши качып кетти

Сокулук районунун тергөө абагынан төрт киши качып кетти. ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, абактагылар бүгүн таңкы саат алтыларда Сокулук ИИБнин тергөө абагында камалып турган жеринен качып чыгышкан. Учурда Бишкек жана Чүй милициясы “Сирена” планын жарыялап, издөөгө киришти.

Маалым болгондой, качып кеткен адамдарга Кылмыш кодексинин оор беренелери деп эсептелген “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” боюнча айып тагылып жаткан.

 Качып кеткен кишилер тергөө абагында кармалып, соту жүрүп жаткан. Учурда алардын кандайча качып кеткени боюнча иликтөө иштери башталды. Аны менен катар Бишкекте жана Чүйдө издөө иштери жүрүп, атайын план түзүлдү”-, дейт ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген