Сокулукта өрттөн эки адам каза болду

Өткөн түнү саат 2:30 чамасында Сокулуктун Сааз айылында турак үйдөн өрт чыккан. анын кесепетинде эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ажал тапкандардын бири 47 жашта болгон, экинчисининин аты-жөнун тактап жатышат. Дагы бир адам өрттөн жараат алган.

150 чарчы метр аянттагы үй толугу менен күйп кеткен. Жалын таңкы саат жети жарымга барып толук өчүрүлгөн. Азыр кырсыктын себебин тактап жатышат.

Өткөн суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген