Сиз бизнесменсизби? Анда сизге бул пайдалуу болот!

Сиздин бизнесиңиз барбы? Ооба десеңиз, анда 1-июлдан тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эски үлгүдөгү касса машиналарын каттоого тыюу салынганын билесиз. Ишкерлер Мамлекеттик салык кызматына фискалдык маалыматтарды онлайн берүү функциясы бар жаңы текшерүү-кассалык машиналарга өтүшү керек.

Beeline мамлекеттин демилгесин колдоону чечип, долбоорду ишке ашырууга катышты жана фискалдык маалымат операторуна (ФМО) бекер кошулган өзүнүн ыңгайлуу Android «Смарт Касса» тиркемесин иштеп чыкты.

Beeline дын сегмент маркетинги боюнча эксперти Фаяз Ибраевдин айтымында, тиркемени колдонуу телефондогу калькуляторду колдонуу сыяктуу оңой. Сиз ага киресиз, нөөмөттү ачасыз жана, айталы, «Сникерс» же чиптердин сатылышын каттап, чекти урасыз. Баары абдан жөнөкөй!

Beeline абоненти болуу шарт эмес, анткени «Смарт Касса» тиркемеси каалаган оператордун интернети аркылуу иштейт.

«Смарт Касса» деген эмне?

«Смарт Касса» – сиздин телефонуңуздагы программалык ТКМ. Эгерде мурда ишкерлер 15 миң сомдон аппараттык түзмөктөрдү сатып алышса жана ай сайын 1 миң сомдун тегерегиндеги ремонт жана тейлөө үчүн акы төлөшсө, бул ишкерлер үчүн кымбатка турган болсо, азыр андай тоскоолдук жок.

Эми эски машинаны оңдотконго жана жаңы ТКМ аппаратын сатып алууга убакытты жана акча коротуунун кереги жок, жөн эле каттоодон өтүп, тиркемени жүктөп алып, жаңы санариптик чечимди колдоно баштоо керек – бул «Смарт Кассанын» ишкерлер үчүн негизги пайдасы, жөнөкөйлүгү жана колдонуунун оңойлугу, – деп белгиледи долбоордун менеджери Камил Усупбаев.

Бул коопсуз!

Beeline, ФМО катары, салык төлөөчүлөрдөн фискалдык маалыматтарды Салык кызматына коопсуз өткөрүп берүүнү камсыздайт, ал эми тиркеме 2021 -жылдын 7 -июнундагы МСК нын ТКМ реестрине киргизилген, ошондуктан ишкерлер «Смарт Кассаны» ишенимдүү туташтырып жана колдоно алышат.

«Смарт Кассаны» колдонуу пайдалуу!

Биринчи айда Тиркемени колдонуу бекер. Тарифтер биздин ишкерлер жыл үчүн төлөсө, 40% га чейин үнөмдөй ала тургандай түзүлгөн. Эч кандай жашыруун шарттар жок. Анын үстүнө, маалыматтар салык кызматына жөнөтүлбөй турган, кызматкерлерди тестирлөө жана окутуу үчүн фискалдык эмес режими бар. Бул функция кассага катталбастан баарына жеткиликтүү, бул үчүн жөн гана «Смарт Касса» Тиркемесин PlayMarketтен телефонго жүктөп алуу керек.

«Колдонуучулар тиркеме менен таанышып, сатууну, алдын-ала кантип төлөөнү, кассирди кантип кошууну, нөөмөттү кантип ачууну жана жабууну жана отчетторду түзүүнү көрүшөт. Алар окушат, баары өзүнө ылайыктуу экенин түшүнгөндөн кийин гана келип келишим түзүшөт», – деп кошумчалады Фаяз Ибраев.

Ишкерлерге бул жагат. Алар бул учурду баалап, биздин тиркеме менен иштөөгө даяр болуп келишет. Бир гана кадам калды – келишимдин түзүлүшү.

Тарифтер:

– Биринчи ай бекер!

– Андан ары ай сайын тариф 250 сом;

– 3 айга төлөгөн учурда – 600 сом (үнөмдөө 20%);

– 6 айга төлөгөн учурда – 1000 сом (үнөмдөө 30%);

– 12 айга төлөгөн учурда – 1800 сом (үнөмдөө 40%).

Тиркеме төмөнкүдөй артыкчылыктарга жана жана функционалга ээ:

– Биринчи айда бекер колдонуу;

– Тиркемени фискалдык эмес режимде каттоосуз тестирлөө;

– Нөөмөттү ачуу жана жабуу;

– Онлайн чектерди түзүү жана берүү

– Сатып алуучуларга электрондук чектерди мессенджерлер аркылуу, SMS жана почта аркылуу

жиберүү, ошондой эле Bluetooth термопринтерде чыгарып алуу мүмкүнчүлүгү менен;

– Товарларды жана арзандатууларды башкаруу;

– Кассадан акча сатуу, кайтаруу, алдын ала төлөө, кийинки төлөө, киргизүү жана төлөө боюнча негизги чек операцияларын ишке ашыруу;

– Түшүрүү жана нөөмөт боюнча орто жана акыркы фискалдык отчеттордун тарыхы;

– Сиздин кызматкерлер үчүн «Кассир» ролун түзүү жана кассага алыстан кирүү.

Эгерде бир нече кассир болсо, анда Тиркемеде алар үчүн ролдорду оңой эле түзсө болот, жана алардын кайсынысы болбосун, өзүнүн логинин жана сырсөзүн колдонуп, нөөмөттү ачат жана чекти урат. Ал эми ишкер өзү тиркемеге кирип, кассалык операциялар боюнча статистиканы көрө алат. Эч кандай чектөө жок, каалашынча роль жаратсаңыз болот. Кызматкерлердин ишин Кыргызстандан тышкары да көзөмөлдөсө болот.

«Жалпысынан алганда, бул ыңгайлуу жөнөкөй жана интуитивдүү түшүнүктүү тиркеме, анын функционалдуулугун түшүнүү оңой. Ыңгайлуулук үчүн «Тиркеме жөнүндө» бөлүмүндө биз майда-чүйдөсүнө чейин колдонуу жөнүндө жетекчиликти жайгаштырдык», – деп белгиледи Камил Усупбаев.

Тейлөөгө катталуу жана аны колдонуу үчүн сизге керек:

– Керектүү документтерди даярдап жана Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде келишим түзүү.

Алар республиканын бардык аймактарындагы 70 тен ашык пункт.

Жеке ишкер патент же ишкердик ишмердүүлүк менен алектенген жеке жактын каттоо күбөлүгүн жана жарактуу паспортун гана берет.

ЖЧК болсо, анын юридикалык формасы башка болгондуктан, көбүрөөк документтерди даярдайт.

Бул устав, катталгандыгы тууралуу күбөлүк, директорду дайындоо жөнүндө чечим же буйрук, керек болгон учурда ишеним кат, кол кое турган адамдын паспортунун көчүрмөсү жана реквизиттери.

– Каттоодон кийин «Смарт Касса» тиркемесин PlayMarket тен жүктөп алып гана, өздүк маалыматтарды киргизип, анан колдонуп башташ керек.

«Смарт Кассага» кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн Beeline Биринчи Май жана Ленин райондорунун салык кызматтарында каттоо пункттарын ачты. Компания салык төлөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн өзүнүн катышуусунун географиясын андан ары кеңейтүүгө ниеттенүүдө.

Жакынкы арада iOS үчүн тиркеме жана web-версиясы да иштелип чыгат. Ал эми, бүгүн эле, сиз www.kkm.beeline.kg шилтемеси аркылуу тиркеменин өзү жана келишимдердин кайсы жерде түзүлүшү тууралуу маалымат менен тааныша аласыз.

Beeline дан «Смарт Касса» тиркемеси буга чейин эле өлкө боюнча көптөгөн ишкерлер тарабынан тандалып алынган! Алар колдонуунун ыңгайлуулугун жана жөнөкөйлүгүн белгилешет! Сиз дагы туташыңыз!

Beeline: Сиздин бизнесиңиз үчүн мыкты чечимдер!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.