ШЫМ ЖАНА МҮНӨЗ

Сүйүктүү джинсы шымыңыз сиз тууралуу маалымат бере алаарын билесизби? Эгер сизге кызык болсо, бул маалыматка көз жүгүртүңүз.

Skinny делген джинсы шымы

Ишкер адамсыз. Эгер сизге жетекчилик тапшырма берсе, сиз аны убагында так бүтүрө аласыз. Жумушка, көчөгө да бул джинсы шым ыңгайлуу.

Жыртык джинсы шымдары

Абдан сезимтал адамдардын катарындасыз. Жиптин канчалык ичке болоорун жана кайсыл учурда ал үзүлүп кетиши мүмкүн экендигин жыртык джинсы шымдардан гана билүүгө болот. Сиздин мүнөзүңүз да дал ушул жиптей жумшак жана ичке деп айтууга болот. Жыртык шым ээлери, сыртынан бир аз сүрдүү көрүнгөнү менен жашоодо ыйлаак жана сезимтал келишет.

Бели жогору турган джинсы шым

Көптөгөн көйгөйлөргө туруштук бере алган күчтүү адамсыз. Маселе жаралса, бат эле аны чечүүгө киришесиз. Ал деген Эверестти багындыруу гана эмес, таң эрте жумушка барышыңыз керек болсо да, түнү менен курбуңуздун маңдайында кобурашып олтурууга даярсыз.

Кең багалектүү джинсы шымы

Сизге джинсы шымдарын тандоодобу же жеке жашоодобу айтор айланадагы адамдардыр пикири сиз үчүн маанилүү эмес.

Стилдүү джинсылар

Сиз кайсы кечеде болбосун жылдыз боло аласыз. Кайда болсоңуз да башкалардын көңүлүн өзүңүзгө бурдура аласыз. Мындай шым ээлери өздөрүнө ишенимдүү келишет. Алар дайыма адамдар менен тил табышып жаңы жамаатка да бат көнүшөт.

Комбинезон джинсы

Замандан артта калбай алдыга умтулган чыгармачыл инсансыз. Саякаттоону жактырасыз. Өзүңүздүн жеке бизнесиңизди ачууну кыялдана бересиз.

Джоггер джинсы шымы

Сиз эркиндикти сүйгөн жансыз. Башкалар сыяктуу стресске кабыла бербейсиз. Туш келген учурда болушунча ыңгайлуу эщикти таап чыгып кетүүгө аракет жасайсыз. Анын сыңарындай кийимди да оңой тандай аласыз.

Кара джинсы шым

Сиз жарашыктуулукка караганда буюмдун ыңгайлуулугуна көбүрөөк басым жасайсыз. Кийимдин да ыңгайлуусун гана тандап кийчү адамдардансыз.

Макала жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш!

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz