Швецияда дүйнөдөгү алгачкы картошка сүтү жасалды

Швециянын “Vegan of land” бренди картошкадан негизделген дүйнөдөгү биринчи өсүмдүк сүтүн чыгарды. Бул тууралуу Green Queen басылмасы жарыялаганын vesti.ua жазып чыкты .

“Сүт” чыныгы сүт азыгы сымал көбүрүп эле турбастан, атүгүл башка өсүмдүк сүтүнүн атаандаш түрлөрүнө салыштырмалуу экологиялык жактан мыкты экени кабарланды.

Азыктын курамында картошкадан сырткары, буурчак белогу, мальтодекстрин, цикор буласы, рапс майы жана табигый даамдар бар. Сүт ошондой эле D, B12 витаминдер жана фолий кислотасы менен байытылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.