ШКУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстанда шайлоо таза өттү деп эсептейт

Шанхай кызматташтык уюмунун(ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргыз өлкөсүндө өткөн шайлоону тааныйт экенин миссиянын жетекчиси Владимир Норов басма сөз жыйынында билдирди.

Норов шайлоого даярдыктар жүрүп жаткан кезден тарта ага көз салып тургандарын айтты.

“Биз шайлоо жана референдум жыйынтыкталганга чейин баарын байкап турдук. Президенттикке талапкерлердин, референдум боюнча үгүт топторунун баарына бирдей шарт түзүлгөн. Шайлоо мыйзамга ылайык, так өттү. Биз шайлоону таза өттү деп эсептейбиз”, – деди Владимир Норов.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январь күнү өттү. БШК берген алдын ала жыйынтыктарга ылайык, президенттик башкаруу формасы жана Садыр Жапаров алдыда келе жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.