ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жогорку сотторунун кеңешмеси Кыргызстанда өтөт

Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVI кеңешмеси өз ишин баштайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын төрагалыгы астында видеобайланыш аркылуу өткөн кеңешмеде тараптар төмөндөгү маселелерди талкуулашат:

— бейтарап жана арбитраждык соттордун чечимдерин аткаруу практикасы;

— ШКУга мүчө мамлекеттердин жазык мыйзамдарын гумандаштыруу. Оң жана терс жактары;

— сотторду санариптештирүү жана сот адилеттигин ишке ашыруу процессинде IT- технологияларын колдонуу;

— ювеналдык юстиция жаатында ШКУга мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы. Жашы жетпеген балдардын катышуусу менен келип чыккан талаш-тартыштарды кароо боюнча сотторду түзүү практикасы;

— массалык маалымат каражаттары жана сот системасы. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда массалык маалымат каражаттарынын таасири;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча сот практикасы жана башка маселелер.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.