Шевченконун кезектеги атаандашы Жоан Калдервуд болот

Кыз-келиндер арасында UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко 4-жолу чемпиондук курун Жоан Калдервуддан коргойт. Бул тууралу UFC уюму өзүнүн расмий сайты жазып чыкты

Анда жазылгандай, 6-июнда UFC 251 турнири өтөт. Анын алкагында кыргызстандык мушкер айым  Валентина Шевченко октагонга чыгат. Ал күнү анын атаандашы UFC уюмунда 3-рейтингде турган  шотландиялык Жоан Калдервуд болмокчу. Азырынча аталган турнир кайсы жерде өтөрү анык эмес.

Эске салсак, Шевченко 9-февралда америкалык Кэтлин Чукагянды утуп, 3-жолу чемпиондук курун коргогон.

Ал эми 33 жаштагы Жоан Калдервуд акыркы жолу америкалык Андреи Лини жеңип алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген