Шашылыш билдирүү: унаа жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Бүгүн, 3-декабрда көпчүлүк тоолу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн.  Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон  аймактар:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымы (Ала-Бел ашуусу), Чычкан капчыгайы;

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымы (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында;

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында;

Аталган аймактарда жолдор тайгак болуп муз тоңот.  Мындан улам, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген