Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт

30-ноябрдан баштап, туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетет. 1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт жана жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Эске сала кетсек, 29-ноябрдан баштап Бишкек-Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул  учурда унаа жолунун мезгил-мезгили менен жабылышы күтүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген