Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

10-12-февралда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-11-февралда жана 12-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген