Шашылыш билдирүү: үшүк жүрүшү күтүлөт!

25-26-сентябрь күндөрү  өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Мааалыматка ылайык түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алына элек картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген