Шашылыш билдирүү: үшүк жүрүшү күтүлөт!

11-12-октябрь күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде 0…-2°,  Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Ал эми 13-14-октябрда туруксуз аба- ырайы күтүлөт.  Мезгил-мезгили менен жаан жаап карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген