Шашылыш билдирүү! катуу жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

3-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. 

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген