Шашылыш билдирүү! кар жаап, үшүк жүрөт

16-сентябрларда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде  0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген