Шашылыш билдирүү! Эми Москва-Ош, Москва-Бишкек каттамдары бир жумада бир гана жолу учат

Москва-Бишкек, Москва-Ош  жана Новосибирск-Бишкек каттамдары бир жумада бир гана жолу каттай тургандыгы маалым болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бул чечим Өкмөттүн кезектеги жыйынында коронавирусту жайылтпоо максатында кабыл алынды.

Ага ылайык, 2020-жылдын 20-мартынын саат 00:00дөн тарта өлкөнүн аймагына Эл аралык каттамдар киргизилбейт.

-Москва-Бишкек – жумасына 1 жолу;

-Москва-Ош –  жумасына 1 жолу;

-Новосибирск-Бишкек – жумасына 1 жолу;

Өкмөт өлкө жарандарын чыгарылган убактылуу чечимди түшүнүү менен кабыл алууларын суранат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген