Шашылыш билдирүү: ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт!

8-10-июлда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт: абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу  ӨКМнин басма сөз кызматы билдирүү таратты. 

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

” 8-10-июлда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Адамдардын өлүмүн жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында,  ӨКМ  тарабынан Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.”, дейт айтылат маалыматта.

Ошондой эле,  уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген